Мелис Совет уулу

Бишкек
Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Кызыктуу

Баткенде өрүк бактарга дрондор менен дары чачыла баштады

Баткен районунда өрүк бактарын коргоо үчүн заманбап технологиялар колдонула баштаганын райондук администрация билдирди. Самаркандек айыл аймагында бакчалар зыянкечтерге каршы дарыларды чачуу атайын дрондордун жардамы менен ишке ашып жатат. Негизги максат — айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу. Белгиленгендей, мындай ыкма убакытты кыйла үнөмдөйт, дары каражаттарды бирдей жана натыйжалуу чачууга мүмкүндүк

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Экономика

Зумерлер 2030-жылы жумушчулардын 50%ын түзөт

Эмгек рыногунда иш берүүчүлөрдүн үстөмдүк ролу азайып, талапкерлер барган сайын иш шарттарын жана компанияларды өздөрү тандай баштаганын бизнес-чарада рекрутинг агенттигинин директору Алина Макенова билдирди. Анын айтымында, негизги тренддердин бири — иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы күчтөрдүн тең салмактуулугунун өзгөрүшү. "Бүгүнкү күндө кызматкерди иш берүүчү гана тандабастан, талапкер да компанияны

Парламент 16 жашка чейинки балдардын паспорт алуусун жөнөкөйлөтүүнү колдоду

Коом

Парламент 16 жашка чейинки балдардын паспорт алуусун жөнөкөйлөтүүнү колдоду

Жогорку Кеңеште эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет 16 жашка чейинки балдар үчүн паспорт алуу тартибин жөнөкөйлөтүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдоду. Жыйында депутаттар "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилгени карашты. Ал жашы жете элек жарандар үчүн чет өлкөгө чыгуучу паспортторду алуу жол-жобосун

"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

Кыймылсыз мүлк

"Сүрөтчүлөр үйү" сүздүрүлөбү?

Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы 30-мартта мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү тууралуу токтом долбоорун карады. Анда эки жер тилкесин — Чүй проспектиси, 108 (11 сотых) жана Киев көчөсү, 55 (490 чарчы метр) дареги боюнча — мамлекетке өткөрүү сунушталган. Бул демилге Президенттин иш башкармалыгынын 2026-жылдын 20-январындагы кайрылуусунун

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Кыймылсыз мүлк

Ленин районунда жер мунапысы боюнча 214 арыз жактырылды

Бишкекте жер мунапысынын алкагындагы иштер үзгүлтүксүз улантылып жатканын мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштеп жатат. Ленин районунда 214 арыз жактырылды, 97 материалды коомдук билдирүүгө чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынды, ошондой

Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу авиакаттамы ишке кирди

Транспорт

Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу авиакаттамы ишке кирди

29-мартта China Southern Airlines авиакомпаниясынын Гуанчжоу — Бишкек — Гуанчжоу маршруту боюнча биринчи каттамы ишке ашканын кечээ "Кыргызстан Аэропорттору" ААКы билдирди. Компаниянын маалыматына караганда, регулярдуу каттамдар апта сайын эки жолу — шаршемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт. Биринчи каттам менен эл аралык Манас аэропорту аэропортуна 134 жүргүнчү келди, кайтарма каттам менен

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Экономика

Бишкек жылуулук тармактарынын 69%ы эскирди – Ю.Дмитрущенко

Бишкек шаарында жылуулук тармактарынын 68,6%ы физикалык жактан эскиргенин "Биринчи радио" эфиринде "Бишкекжылуулуктармактары" муниципалдык ишканасынын башкы инженери орун басары Юрий Дмитрущенко билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч 4%га төмөндөгөн — буга чейин эскирүү деңгээли 72,7%ды түзгөн. "Биз авариялардын санын минималдуу деңгээлге түшүрүүгө аракет

Кузбасска Кыргызстан, Казакстандан 121 тонна жашылча жеткирилди

Экономика

Кузбасска Кыргызстан, Казакстандан 121 тонна жашылча жеткирилди

Кузбасс аймагына Кыргызстандан жана Казакстандан 121 тонна жаңы жашылча жеткирилгенин Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын Сибирь аймактар аралык башкармалыгы билдирди. Жалпы жүктүн 66 тоннасы баш пияз, 33 тоннасы жаңы помидор жана 20 тоннасы сабизди түзөт. Өнүмдөр Кемерово шаарындагы сыноо лабораториясында бардык зарыл изилдөөлөрдөн өткөрүлгөн. Маалыматта белгиленгендей, жүктөргө

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

Экономика

"Автомобилист" ААКнын мүлкү мамлекетке өтөт

Министрлер кабинети "Мамлекеттик финансы холдинги" ААКсына "Автомобилист" ААКынын кредитордук карыздарын жабуу эсебинен алынган мүлктү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүнү сунуштады. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жер тилкеси менен кошо комплекстин аянты 15 миң чарчы метрден ашык болуп, ал Каракол шаарында, Ысык-Көл облусунда

"Чоң Кемин" жаратылыш паркында 5 миңден ашык бак отургузулду

"Чоң Кемин" жаратылыш паркында 5 миңден ашык бак отургузулду

"Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркында масштабдуу көчөт отургузуу иш-чарасы өткөнүн кечээ Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анда 5 миңден ашык терек, карагай жана өрүк көчөттөрү отургузулган. Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата, "ШКУнун жашыл алкагы" эл аралык

Чүй облусунда балык уулоо сезону расмий ачылды

Экономика

Чүй облусунда балык уулоо сезону расмий ачылды

Чүй облусунда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Балык уулоо сезону 2026" эл аралык спорттук турниринде катышып, расмий түрдө балык уулоо сезонун ачты. Анын айтымында, Кыргызстанда балык чарбасы жана спорттук балык уулоо тармагында чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Өлкөнүн ички муктаждыгы толугу менен камсыздалып, балык продукциясын экспорттоо да өнүгүп жатат. Балыкчылар

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Энергетика

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи