Мелис Совет уулу

Бишкек
Швейцариянын "Аракет" долбоору 5 млн сомго 16 бизнес демилгени колдоого алат

Экономика

Швейцариянын "Аракет" долбоору 5 млн сомго 16 бизнес демилгени колдоого алат

24-февралда Ош шаарында, ал эми 2-мартта Бишкек шаарында швейцариялык "Аракет" долбоорунун алкагында бизнес-идеялар сынагынын финалдык этаптары өттү. Сынактын негизги максаты — Бишкек жана Ош шаарларындагы тандалган жаңы конуштарда жашаган аялдарды колдоо жана алардын ишкердик демилгелерин ишке ашыруу аркылуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Тандоонун жыйынтыгында: * Бишкекте 11 аял, * Ошто 5 аял

Сот аткаруучулары карызкордон  2,4 млн сом өндүрүштү

Экономика

Сот аткаруучулары карызкордон 2,4 млн сом өндүрүштү

Бишкек шаарынын сот аткаруучулар кызматынын Бишкек шаарындагы Свердлов райондук бөлүмүндө К.Н. аттуу карызкорго карата салык карызын өндүрүү боюнча аткаруу өндүрүшү болгон. Маалыматка ылайык, карыз Свердлов району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын пайдасына өндүрүлүшү керек болчу. Кызматтын басма сөз кызматы билдиргендей, мажбурлап аткаруу чараларынын жыйынтыгында карыз толугу менен өндүрүлдү. Жалпы

Депутат Бекешев ЖРТны акысыз өткөрүүнү сунуштады

Коом

Депутат Бекешев ЖРТны акысыз өткөрүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев абитуриенттерден алынчу жалпы республикалык тестти (ЖРТ) акысыз кылууну сунуштады. Ал өзү абитуриент болуп жүргөн учурду эске салып, андагы тапшыруу сынагынын баасы 280 сом болгонун, кийин ЖРТда ар бир предмет үчүн 200 сомдон алынып жатканын белгиледи. Депутаттын пикиринде, мындай баа социалдык абалы жакшы эмес үй-бүлөлөргө түйшүк

Сөөк коюу жөлөкпулунун туруктуу өлчөмдөрүн киргизүү сунушталды

Коом

Сөөк коюу жөлөкпулунун туруктуу өлчөмдөрүн киргизүү сунушталды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги сөөк коюуга берилүүчү жөлөкпулдун туруктуу өлчөмдөрүн белгилөөнү сунуштады. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Учурда сөөк коюуга берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү өкмөттүн жобосу менен жөнгө салынат. Эсептөө 2010-жылдагы орточо айлык маянага — 7189 сомго негизделет. Төлөмдөр бул сумманын пайыздары боюнча жүргүзүлөт: * 100% (7189 сом) — иштеген адам

Россиянын SPOT системасы кыргызстандык ишкерлерге кандай таасир этет?

Экономика

Россиянын SPOT системасы кыргызстандык ишкерлерге кандай таасир этет?

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Кыргыз экспорт" борборунун директору Урмат Такиров "Кабар" улуттук маалымат агенттигиндеги пресс-конференцияда Россия тарабынан SPOT системасы киргизилип жатканы тууралуу айтып берди. Такировдун айтымында, бул системаны киргизүү тууралуу чечим Россия өкмөтүнүн 2025-жылдагы токтому менен кабыл алынган. Максаты — ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн аймагындагы товар агымын

Манас шаарындагы "Достук" паркына 11,6 млн сомго монумент курулат

Коом

Манас шаарындагы "Достук" паркына 11,6 млн сомго монумент курулат

Манас шаарынын муниципалитети "Достук" паркындагы "Даңк" аллеясын куруу жана реконструкциялоо боюнча тендер жарыялады. Маалымат мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланган. Буйрутмачы болуп шаар мэриясынын алдындагы коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти чыгууда. Долбоордун жалпы пландалган суммасы 11 млн 618 миң 800 сомду түзөт. Лоттун алкагында скульптураны жасоо жана

Токтогул районунда 991 433 сом алимент өндүрүлдү

Коом

Токтогул районунда 991 433 сом алимент өндүрүлдү

Токтогул райондук сот аткаруучулар кызматы жашы жете элек балага төлөнбөй келе жаткан 991 433 сом алименттик карыз өндүрүлгөнүн билдирди. Сот М.Э.А. аттуу жаранды кирешесинин ½ бөлүгүн жашы жете элек баласын багуу үчүн жубайына алимент төлөөгө милдеттендирген. Өз учурунда төлөнбөгөн 991 433 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз мажбурлоо чараларынын натыйжасында толугу

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май кору эки айга жетет — нефть трейдерлери

Транспорт

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май кору эки айга жетет — нефть трейдерлери

Кечээ Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү Кыргызстандагы эң ири нефть трейдерлери менен жолугушуу өткөрүштү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда мунай заттарынын кору, баа абалы жана мунай продукцияларын ички рынокко туруктуу жеткирүү маселелери каралды. "Сакталып жаткан геосаясий чыңалуу шартында күйүүчү-майлоочу материалдар рыногундагы кырдаал кызматтын көзөмөлүндө жана кыска мөөнөттө өлкөнүн ички

А.Касымалиев 4 күндө тургузулган имараттын өзгөчөлүгү менен таанышты

Кыймылсыз мүлк

А.Касымалиев 4 күндө тургузулган имараттын өзгөчөлүгү менен таанышты

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы жаңы технологиялык ыкма менен курулуп жаткан курулушту жеринде көрдү. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, имараттын негизги каркасы заводдо даярдалган 24 ири темир-бетон блоктон туруп, болгону 4 иш күнүндө (фундаменттик иштерди эсепке албаганда) монтаждалган. Ошондой эле индустриалдык модулдук система сейсмикалык талаптарга толук

Бишкекте  100дөн ашык автоунаа айып короого коюлду

Транспорт

Бишкекте 100дөн ашык автоунаа айып короого коюлду

4-мартта Бишкек шаарында Жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана токтотуу үчүн акысы төлөнбөгөн автоунааларды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, рейддер борбор калаанын бардык райондорунда жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам бузуу менен токтотулган 100дөн ашык автоунаа айып короого эвакуацияланды. Бишкек РИИББинин патрулдук кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү

Былтыр 561 медициналык мекеме текшерилип анын 263ү жабылган

Бийлик

Былтыр 561 медициналык мекеме текшерилип анын 263ү жабылган

Саламаттык сактоо министрлиги 2025-жылы өлкө боюнча жеке медициналык чөйрөдө кеңири текшерүү жүргүзүлгөнүн “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө министрликтин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Аман Осмонов билдирди. Анын айтымында, мыйзамсыз ишкердикти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын алкагында министрликтин облустардагы координаторлоруна тиешелүү тапшырмалар берилген. Жалпысынан 561 мекеме — жеке клиника, реабилитациялык борбор, стоматологиялар, элдик

Жалал-Абадда саатына 360 куб метр ташты майдалоочу завод  жакында ишке кирет

Экономика

Жалал-Абадда саатына 360 куб метр ташты майдалоочу завод жакында ишке кирет

Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарында курулуш иштери аяктап калган жаңы таш майдалоочу завод менен таанышты. Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, завод саатына 360 куб метрге чейин өндүрүш кубаттуулугуна ылайыкташкан. Учурда курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталып, завод ишке киргизүүгө даяр абалда турат. Завод Көк-Арт дарыясынын жээгине курулгандыктан, облустук өзгөчө кырдаалдар