Мелис Совет уулу

Бишкек
Кыргызстандагы депозиттердин көлөмү 879 млрд долларга жетти

Экономика

Кыргызстандагы депозиттердин көлөмү 879 млрд долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча депозиттердин көлөмү 879 млрд сомго жеткенин маалымат жыйында  Улуттук банктын төрага орун басары Азат Козубеков билдирди. Ал белгилегендей, депозиттик базага улуттук валютадагы депозиттер көп түшө баштаган. Бул Улуттук банктын экономиканы дедолларизациялоо саясаты менен байланыштуу. "Азыркы учурда республикадагы долларизация деңгээли эң төмөнкү деңгээлде турат, ал эми улуттук

Былтыр Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөн

Экономика

Былтыр Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөн

2025-жылы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине бөлүнгөн каражат 13%га көбөйгөнонүн агенттиктин директорунун орун басары Улан Кыдырбаев коллегияда билдирди. Ал белгилегендей, аталган каражаттын негизги бөлүгү эмгек акыга жумшалган. * Эмгек акыга - 1 млрд 62 миң; * Коммуналдык чыгымдарга - 69 миң 800; * Оңдоп-түзөө иштерине - 3 млн 15 миң; * Спортту

Кыргызстанга Camperghini долбоорунун негиздөөчүсү Коннор Кампергини келди

Кызыктуулар

Кыргызстанга Camperghini долбоорунун негиздөөчүсү Коннор Кампергини келди

Кыргызстанга эл аралык тревел-блогер жана Camperghini долбоорунун негиздөөчүсү Коннор Кампергини келгенин Туризм департаментинин басма сөз кызматы маалымдады. Сапардын жүрүшүндө блогер өлкөнүн бардык жети аймагын кыдырып чыгууну пландоодо. Программага негизги туристтик багыттар жана табигый объекттер менен таанышуу, ошондой эле туристтик бизнес жана жергиликтүү коомчулуктар менен жолугушуулар кирет. Сапардын жыйынтыгында долбоордун эл

Т.Ибраев: Калкты газ менен камсыздоого каражат сурайбыз

Энергетика

Т.Ибраев: Калкты газ менен камсыздоого каражат сурайбыз

Президентке калкты газ менен камсыздоо үчүн бюджеттен каражат бөлүүнү өтүнүшөрүн Жогорку Кеңештин Өндүрүштүк саясат, транспорт, күйүүчү-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы болгондуктан калкты альтернативдүү булактар менен камсыздоо, тактап айтканда газ менен камсыздоо маселеси жаралууда. "2025-жылдын жыйынтыгы боюнча

Дыйкандык чарбалардын укуктук статусу өзгөртүлөбү?

Экономика

Дыйкандык чарбалардын укуктук статусу өзгөртүлөбү?

2026-жылдын 24-февралында  Айыл чарба министрлиги дыйкандык жана үй-бүлөлүк фермердик чарбалардын укуктук статусу тууралуу жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ бир нече мыйзамдардагы нормаларды, анын ичинде Жарандык жана Салык кодекстерин жаңылоону сунуштайт, ошондой эле "Дыйкандык чарбасы жөнүндө" мыйзамын "Дыйкандык жана үй-бүлөлүк фермердик чарба жөнүндө" мыйзам деп

Кыргызстанда электрондук акчалар мураска калтырылат

Бизнес

Кыргызстанда электрондук акчалар мураска калтырылат

Жогорку Кеңеште өлкөдө биринчи жолу электрондук акчаны мураска калтыруунун тартибин мыйзам деңгээлинде аныктоочу мыйзам долбоору тааныштырылды. Документ бир нече мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт жана электрондук акчаны жарандык укуктардын объектиси катары тең коюп, мураскорго өткөрүүнү камсыз кылат. Мыйзам долбооруна ылайык, Жарандык кодекске электрондук акча мүлккө кирет деген жобо кошулат. Бул деген,

Май айынан тарта электр энергиясы 27 тыйынга жогорулайт

Энергетика

Май айынан тарта электр энергиясы 27 тыйынга жогорулайт

2026-жылы электр энергиясынын тарифи май айынан тартып 27 тыйынга көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Өндүрүштүк саясат, транспорт, күйүүчү-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, мурда бекитилген графикке ылайык, ар жылдын май айында электр энергиясынын тарифи көтөрүлөт. "2027-жылы тариф 33 тыйынга, 2028-жылы — 39

Кыргызстанга 2025-жылы 3,886 млрд кВт/саат электр энергиясы экспорттолгон

Экономика

Кыргызстанга 2025-жылы 3,886 млрд кВт/саат электр энергиясы экспорттолгон

Кыргызстан 2025-жылы сырттан 3,886 млрд киловатт-саат электр энергиясын импорттогонун Жогорку Кеңештин Өндүрүштүк саясат, транспорт, күйүүчү-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Анын айтымында, 2025-жылы республика жалпы 15,4 млрд киловатт-саат электр энергиясын өндүргөн, анын ичинен: * ГЭСтер — 12,9 млрд, * Бишкектеги ТЭЦ — 2 млрд, * чакан

Кыргызстан мамлекеттик ири сатып алууларга банктык коштоону киргизет

Экономика

Кыргызстан мамлекеттик ири сатып алууларга банктык коштоону киргизет

МинКаб мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү 50%дан жогору болгон компаниялар, алардын карамагындагы филиалдар үчүн келишимдерди банктык коштоо боюнча жаңы жобону бекитти. Бул документтин максаты — сатып алуулар учурунда каражаттын пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүү, коррупциянын алдын алуу жана ачыктыкты жогорулатуу. Эми мындай уюмдар өздөрүнүн ири сатып алууларын

Президент Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программасын бекитти

Бийлик

Президент Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программасын бекитти

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 17-февралындагы №61 жарлыгы менен 2026–2034-жылдарга Футболду өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны бекитти. Ошондой эле ал программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын, мониторинг жана баалоо көрсөткүчтөрүнүн матрицасын бекитти. Бул чечим калкты футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык катыштырууну камсыз кылуу, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу жана жаштар арасында саламат жашоо

Өзгөн районунда муниципалдык мал базар үчүн 8,83 гектар трансформацияланат

Өзгөн районунда муниципалдык мал базар үчүн 8,83 гектар трансформацияланат

МинКаб 2026-жылдын 10-февралындагы №72 токтому менен Өзгөн районунун аймагындагы муниципалдык мал базар куруу үчүн жер тилкесин трансформациялоону бекитти. 8,83 гектар аянтты ээлеген бул жер тилкеси Жазы айыл аймагында жайгашкан. Бул жер мурда мамлекеттик менчигинде болуп, "Суу фондунун жерлери" категориясына кирген. Токтомго ылайык, тилке "Өнөр-жай, транспорт, байланыш,

Лебединовка ГЭСин Кытай корпорациясы реконструкциялайт

Экономика

Лебединовка ГЭСин Кытай корпорациясы реконструкциялайт

"Чакан ГЭС" ААКсы Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча башкы подрядчы — China National Heavy Machinery Corporation менен келишим түзгөнүн коомдун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, адистер долбоордук-сметалык документацияны даярдоого киришти. Долбоор станциянын жабдууларын жаңылоону, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну жана пайдалануу мөөнөтүн узартууну карайт. Иш-чаралар ишке ашырылгандан кийин төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишүү пландалып