Россиялык компания Кыргызстандын дыйкандарынан 5 миң тонна продукция сатып алууга даяр
Россиянын Dalean компаниясы Кыргызстандын дыйкандарынан 5 миң тонна жашылча-жемиш сатып алууга даяр. Бул тууралуу Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди. Dalean – жаңы жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди сатууга адистешкен ири дүң компания. Ал Россиянын рыногунда 2006-жылдан бери иштеп келе жатат жана Россиядагы ири федералдык жана жергиликтүү тармактарга продукцияларды жеткирет. Жолугушуунун