Назира Абдиева

Жаңы дайындалган Нарындын облус башчысын Акылбек Жапаров коллективге жеке өзү барып тааныштырды

Жаңы дайындалган Нарындын облус башчысын Акылбек Жапаров коллективге жеке өзү барып тааныштырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңыдан дайындалган президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовду өкүлчүлүктүн аппаратына өзү барып тааныштырды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Президент Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык, Нарын облусунун жетекчилик кызматына мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы Алтынбек Эргешов дайындалган. “Нарын кендерге бай аймак, Кара-Кечеде 850 млн

Пенсия жана жөлөкпул эң көп Ош облусуна бөлүнөт

Пенсия жана жөлөкпул эң көп Ош облусуна бөлүнөт

2022-жылдын январь-июнь айларында пенсия жана жөлөкпулга 27 млрд 326.8 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Соцфонддун маалымат кызматы билдирди. Республика боюнча пенсия менен жөлөк пул эң көп Ош облусуна берилет. Бул облустагы калктын жыштыгы менен түшүндүрүлөт. * Бишкек шаары  — 4 млрд 413.3 млн сом * Чуй облусу — 4 млрд 131.5

Жалал-Абад шаарында 35 тамактануучу жай жабылды

Жалал-Абад шаарында 35 тамактануучу жай жабылды

Жалал-Абад шаарында 35 тамактануучу жай убактылуу жабылды. Бул тууралуу шаардын мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетсек, 27-30-июнь күндөрү Жалал-Абад шаарындагы “Ага-ини” жана “Таж-Махал” тез татым жайларынан тамактанган 79 адам ууланган. Шаар бийлиги жана тийиштүү кызматтар тарабынан аталган тез татым жайлары окуя катталгандан кийин убактылуу жабылган. Учурда шаардагы тамактануучу жайлардын 50сү

Үрүмчү - Бишкек аба каттамы жанданат

Үрүмчү - Бишкек аба каттамы жанданат

Үрүмчү – Бишкек авиакаттамы жанданды. Бул тууралуу «Манас” эл аралык аэропорту” ААКтын маалымат кызматы билдирди. 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам убактылуу токтотулган Үрүмчү – Бишкек – Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамдар кайра жанданууда. Эртен 5-июлдан тартып, «Түштүк Кытай аба жолдору» авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарат. Учуу убактысы 2 саатты түзөт. Белгилей

Кыргызстандын мыкты салык төлөгөн 23 компаниясы аныкталды - тизмеси

Кыргызстандын мыкты салык төлөгөн 23 компаниясы аныкталды - тизмеси

Мамлекеттик салык кызматы өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүн аныктады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди. Аларды сыйлоо аземи 1-июлда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Салык кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында өткөрүлдү. Ага ылайык, бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө жигердүү катышкандыгы, экономиканын өнүгүшүнө кошкон зор салымы, 2021-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын ак ниеттүү

Эсеп палатасы: 2021-жылы эң көп финансылык тартип бузуу Бишкек мэриясында болгон - 16%

Эсеп палатасы: 2021-жылы эң көп финансылык тартип бузуу Бишкек мэриясында болгон - 16%

Эсептөө палатасы 2021-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча жылдык отчетун жарыялады. Анда Бишкек мэриясында эң көп финансылык тартип бузуулар болгону, тагыраак айтканда, мэрия 4.5 млн сомду мыйзамсыз иштетип жибергени айтылат. 2021-жылы жүргүзүлгөн аудиттердин жүрүшүндө аныкталган финансылык тартип бузууларынын жалпы суммасы 28 288.1 млн сом болгон. Аныкталган финансылык тартип бузууларынын жалпы

«Кыргызкөмүр» МИ бааларды кымбаттатып, мамлекетке 127 млн сом зыян келтирген

«Кыргызкөмүр» МИ бааларды кымбаттатып, мамлекетке 127 млн сом зыян келтирген

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө, «Кыргызкөмүр» МИнин жетекчилиги жана тийиштүү жооптуу кызматкерлери кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, мамлекеттин кызыкчылыгына карабастан, мыйзамсыз түрдө, өз ара аффилирленген «Ж» жана «И» ЖЧКлары менен «Кара-Кече» көмүр кенинен Балыкчы шаарына

«Манас» жана «Ош» аэропортторун тышкы башкарууга берип, пайданы 50/50 бөлүшөбүз - Акылбек Жапаров

«Манас» жана «Ош» аэропортторун тышкы башкарууга берип, пайданы 50/50 бөлүшөбүз - Акылбек Жапаров

“Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторун тышкы башкарууга өткөрүп берүү боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” агенттигине маек куруп, аэропорт боюнча өз пикирин, көз карашын билдирди. Анда Жапаров бүгүнкү күндө аэропортко күнүнө 16 учак конуп-учуп жаткан болсо, эки жылдан кийин 160 учак конуп-уча баштай турганын, эң акыркы үлгүдөгү жаңы

Күзгө даярдык: Республика боюнча 1.5 миң дан жыйноочу комбайн бар - 80% камсыздайт

Күзгө даярдык: Республика боюнча 1.5 миң дан жыйноочу комбайн бар - 80% камсыздайт

Кыргызстандын аймагында бардыгы 1960 дан комбайны бар болсо, анын 1577 даанасы ишке жарайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Министрликтин айыл чарба субъектилердеги оруп-жыюучу техникалардын 1-июлга карата даярдыгы тууралуу маалыматта республика боюнча 1.5 миң дан комбайны бар экени айтылат. Андан тышкары: * Тракторлор – 20 миң 298 (92% камсыздайт) * Чөп чапкычтар

Токиодо кыргыз товарларын саткан «Ала-Тоо» соода түйүнү ачылды

Токиодо кыргыз товарларын саткан «Ала-Тоо» соода түйүнү ачылды

1-июлда Токиодо кыргыз товарларын саткан «Ала-Тоо» соода түйүнү ачылды. Ачылуу аземине Кыргызстандын Япониядагы Элчиси Мирлан Арстанбаев катышкан. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. Бул долбоорду япониялык ишкер Масуда Эйдзиро КРнын Япониядагы Элчилигинин көмөгү менен ишке ашырган. Берилген маалыматка ылайык, «Ала-Тоо» соода түйүнүндө КРнын товарлары, ошондой эле курамында Кыргызстандын органикалык өндүрүш

Россия КРнын 47 миң жаранын «кара тизмеден» чыгарды - дагы чектөө коюлган 35 миң кыргызстандык бар

Россия КРнын 47 миң жаранын «кара тизмеден» чыгарды - дагы чектөө коюлган 35 миң кыргызстандык бар

Россия КРнын 47 миң жаранын “кара тизмеден” чыгарды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. КР ТИМдин Россия менен жүргүзгөн иштин натыйжасында, мурда РФнын аймагына кирүүгө тыюу салынган Кыргызстандын жарандарынын тизмеси кыскартылды. Натыйжада, Россияда «майда» административдик укук бузууларды жасаган 47 миңдей кыргызстандыктын Россиянын аймагына кирүүсүнө коюлган чектөөлөр алынган. Бирок учурда Кыргызстандын

Германиядан келген делегация түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт - бир катар долбоорлорго колдоо көрсөтөт

Германиядан келген делегация түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт - бир катар долбоорлорго колдоо көрсөтөт

Германиядан келген делегация Ош жана Жалал-Абад шаарларында иш сапары менен жүрүшөт жана бир катар долбоорлорго колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, Германиянын Өнүктүрүү министрлигинин Кыргызстан боюнча кеңешчиси Дагмар Кренц айым жетектеген немис делегациясы Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы өнүктүрүү долбоорлору менен таанышууда. Бул сапарда Ош