Назира Абдиева

Инфляциядан улам кыргызстандыктардын реалдуу эмгек акысы 0.3%га төмөндөдү

Инфляциядан улам кыргызстандыктардын реалдуу эмгек акысы 0.3%га төмөндөдү

2022-жылдын январь-мартында кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы 20 943 сомду түздү (чакан ишканаларды эсепке албаганда). Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо номиналдык эмгек акы 11.4%га өскөн. 2021-жылдын январь-мартында расмий түрдө иштеген кыргызстандыктар орточо эсеп менен 18 797 сом алышкан. Бирок январь-март айларында реалдуу

Кыргызстан быйыл көмүрдү импорттоого кеткен 32 млн долларды үнөмдөп, «Кара-Кечеге» артыкчылык берет

Кыргызстан быйыл көмүрдү импорттоого кеткен 32 млн долларды үнөмдөп, «Кара-Кечеге» артыкчылык берет

Кыргызстан быйыл көмүрдү импорттоодон баш тартып, «Кара-Кечеге» артыкчылык берет. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Бишкекте өткөн тегерек столдо билдирди. Министрдин айтымында, республика жылына чет өлкөдөн көмүр алууга 32 млн доллар жумшап келген жана эми бул каражат ички рынокко калып, жумуш орундары пайда болот. Ошондой эле бул жылы «Кара-Кече» көмүр

ЕРӨБ берген насыяга Боом капчыгайындагы 14 км темир жол линиялары жаңыланат

ЕРӨБ берген насыяга Боом капчыгайындагы 14 км темир жол линиялары жаңыланат

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) «Боом капчыгайындагы кыймылдуу курамды жана темир жол инфраструктурасын жаңылоо» долбоорун каржылайт. Боом капчыгайындагы темир жол инфраструктурасын жаңылоо долбоору ЕРӨБ тарабынан «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте иштелип чыгууда. Долбоордун алкагында, темир жолдун Боом капчыгайындагы бөлүгүндө жер көчкүгө каршы тосмолорду куруу, универсалдуу жарым вагондорду

Аткезчилик менен чет өлкөдөн келген жумуртка, жемдин кымбаттыгы – Кыргызстандагы тоок чарбаларынын жабылышына себеп болууда

Аткезчилик менен чет өлкөдөн келген жумуртка, жемдин кымбаттыгы – Кыргызстандагы тоок чарбаларынын жабылышына себеп болууда

Жумуртканы чет өлкөдөн аткезчилик менен ташып келүү, Украинадагы согушка байланыштуу Россиянын дан экспорттоого киргизген чектөөлөрү, буга байланыштуу тоок жеминин кескин кымбатташы, Кыргызстандагы айрым тоок чарбаларынын кирешесинин кескин кыскарышына жана алардын жабылышына алып келүүдө. Тоок чарбалары тезинен зарыл чаралар көрүлбөсө, тоок этин жана жумуртканы сырттан сатып алуу көз карандылыгы ого бетер

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө андан ары Германияда ишке орношуу мүмкүнчүлүгү менен окуу программасы сунушталды

Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө андан ары Германияда ишке орношуу мүмкүнчүлүгү менен окуу программасы сунушталды

КРнын 200 жараны Германияда иштегенге мүмкүнчүлүк алат. Бул тууралуу кечээ, 16-майда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев министрлик менен Германияда ишке орношууга мүмкүнчүлүк берген EDUVISO программасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюу учурунда билдирди. Келишимге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунун

«Шоро» компаниясы Араб Эмираттарына бөтөлкөдөгү сууну сатууга уруксат алды

«Шоро» компаниясы Араб Эмираттарына бөтөлкөдөгү сууну сатууга уруксат алды

«Шоро» ЖАК Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) бөтөлкөдөгү ичүүчү суусунун сапаты боюнча сертификат алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Бакыт Төрөбаевдин ишканага болгон сапары учурунда белгилүү болгонун минкабдын маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, «Шоро» компаниясы буга чейин продукцияларын Перс булуңундагы өлкөлөргө экспортко чыгарып келген. Жакында эле компания БАЭде бөтөлкөдөгү

Кыргызстандык «Каспар» компаниясы Дубайга муздатылган кой этин жөнөтө баштайт – өнөктөштөр керек

Кыргызстандык «Каспар» компаниясы Дубайга муздатылган кой этин жөнөтө баштайт – өнөктөштөр керек

Кыргызстандык «Каспар» компаниясы Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) муздатылган койдун этин жөнөтүп баштайт. Бул тууралуу Инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган компания Дубайдын Климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлиги тарабынан каттоодон өтүп, эт жеткирүүгө уруксат алган. Жакынкы арада ай сайын 100 тоннадан 150 тоннага чейин кой этин жеткирүү пландалып жатканын

Корея климаттык кризистерге чара көрүүгө КРга 5 млн доллар берүүнү карап жатат

Корея климаттык кризистерге чара көрүүгө КРга 5 млн доллар берүүнү карап жатат

Үстүбүздөгү жылдын 12-майында Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова Кореянын Климат жана айлана-чөйрө эл аралык борборунун (ICEC) Президенти Вон Тэ Юн мырза жетектеген делегация менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди. «Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар KOICA аркылуу 5 млн доллардан ашык суммадагы «КРдагы климаттык кризистерге чара көрүү башкаруу

«Ош» аэропортунун кызматкерлери жетекчиликке каршы нааразылык акциясына чыгышты

«Ош» аэропортунун кызматкерлери жетекчиликке каршы нааразылык акциясына чыгышты

Бүгүн, 17-майда «Ош» эл аралык аэропортунун» кээ бир кызматкерлери жетекчиликке каршы нааразычылык акциясына чыгышты. Алардын талабы куугунтуктоого алынган диспетчерлердин укугун коргоо. Митингге чыккандардын айтымында, жетекчилик алмашкандан тартып эле ар кандай кызматтык басмырлоо, куугунтуктар башталган жана алардын кызмат орундарына өздөрүнүн адамдарын алып келүү аракеттери байкалган. Пилоттор менен байланышта болуп, самолеттун тең

Россия чет өлкөгө банктан которулчу акчанын лимитин 50 миң долларга чейин көбөйттү

Россия чет өлкөгө банктан которулчу акчанын лимитин 50 миң долларга чейин көбөйттү

Россиянын Борбордук банкы шериктеш өлкөлөрдөн келген жеке адамдар үчүн банк эсептеринен чет өлкөгө акча которууга чектөөлөрдү 10 миң доллардан 50 миң долларга чейин көбөйттү жана Россияда иштеген резидент эмес жактарга эмгек акысынын өлчөмүндө акча которууга уруксат берди. Эми россиялыктар жана шериктеш өлкөлөрдүн жарандары айына 50 миң долларга чейин (же башка

Америкалык John Deere компаниясы КРнын айыл чарба техникаларын жаңыртууга 50 млн доллар жеңилдетилген насыя берет

Америкалык John Deere компаниясы КРнын айыл чарба техникаларын жаңыртууга 50 млн доллар жеңилдетилген насыя берет

Айыл чарба техникасын чыгарган дүйнөдөгү ири компаниялардын бири болгон John Deere Кыргызстанга айыл чарба техникаларын сатып алуу үчүн дыйкандарга жеңилдетилген насыя менен 50 млн доллар берет. Тиешелүү меморандумга кечээ, 16-майда КРнын Айыл чарба министрлиги, Финансы министрлиги, «Айыл Банк» ААК, John Deere жана «Евразия Групп» компаниялары кол коюшту. Бул меморандум Кыргызстанда

УИА Жерүй кенинин айланасындагы дарыяларга изилдөө жүргүзүп, аларды балык өстүрүүгө жарактуу деп тапты

УИА Жерүй кенинин айланасындагы дарыяларга изилдөө жүргүзүп, аларды балык өстүрүүгө жарактуу деп тапты

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту Туз-Ашу (Талас дарыясынын бассейни) дарыясынын жана анын эки куймасы ― Чоң-Чычкан менен Жерүй сууларынын гидробиологиялык жана гидрохимиялык изилдөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды. Изилдөөлөр ихтиология жана гидробиология лабораториясынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Анда дарыялардын суулары текшерүүгө алынып, жыйынтыгында, аталган жерлерде кылкандуу балыктар түркүмү жана башка дагы гидробионттор жашай ала