Назира Абдиева

«Айыл Банктын» башкармалыгына үч жаңы мүчө шайланды

«Айыл Банктын» башкармалыгына үч жаңы мүчө шайланды

«Айыл Банктын» башкармалыгынын курамына үч жаңы мүчө шайланды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. Белгиленгендей, директорлор кеңешинин чечими менен башкармалыктын мүчөсү, башкармалыктын төрагасынын орун басары Б.Р. Асанбаевдин жана Ч.К. Сатылганованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган. Анын ордуна директорлор кеңешине төмөндөгү талапкерлер шайланышты: * Норузбаев Жанар Жолдошбекович * Эржанов Максат Советбекович

Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика май айында ишке кирет

Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика май айында ишке кирет

«Эти Бакыр Терексай» тоо-кен ишканасынын өкүлү Айзада Мамбеткул кызы Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика май айында ишке кирерин Sputnik радиосуна курган маегинде билдирди. Ал билдиргендей, «Эти Бакыр Терексай» тоо-кен ишканасын түркиялык «Эти Бакыр» компаниясы толук каржылап, жалпы 230 млн доллар инвестиция салган. «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы 2015-жылы Юстиция министрлигинен каттоодон

Министрлер кабинетине «санариптик көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарттарды иштеп чыгуу тапшырылды

Министрлер кабинетине «санариптик көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарттарды иштеп чыгуу тапшырылды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык «санариптик көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Тескеменин максаты жана тапшырмасы — КРга маалыматтык-коммуникациялык технологиялар («санариптик көчмөндөр») чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык

Кыргызстанда көмүр кендерине 394 лицензия берилген, анын бирөөсү гана мамлекетке таандык – депутат

Кыргызстанда көмүр кендерине 394 лицензия берилген, анын бирөөсү гана мамлекетке таандык – депутат

Депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанда көмүр кендерине 394 лицензия берилгенин, бирок анын бирөө гана мамлекетке таандык экенин билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, 2022-жылга карата Кыргызстанда 6.5 млрд тонна көмүрдүн запасы бар. Алардын ичинен 5.2 млрд тоннасы Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Шурап, Алмалык жана Кавак көмүр кендеринде жатат.

Депутат башка алтын кендер менен келишимдерди карап чыгып, мамлекеттин 30%дык үлүшүн киргизүүнү сунуштады

Депутат башка алтын кендер менен келишимдерди карап чыгып, мамлекеттин 30%дык үлүшүн киргизүүнү сунуштады

Депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 6-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында КРгы алтын кендердин лицензияларын жана келишимдерди карап чыгууну сунуштады. Эл өкүлү «Каз Минералз Бозымчак» (Бозымчак), «Вертекс Голд Компани» (Жамгыр), «Чаарат Заав» (Чаарат), «Кичи Чаарат» (Куру-Тегерек), «Чаарат Түлкү Баш», «Иштамберди», «Куран Жайлоо»  сыяктуу алтын кендери менен сөзсүз түрдө келишимдерди кайра карап чыгуу керектигин

Кыргызстанда бир суткада доллар 5 сомго көтөрүлдү – комбанктар 95 сомдон сатышууда

Кыргызстанда бир суткада доллар 5 сомго көтөрүлдү – комбанктар 95 сомдон сатышууда

Кыргызстанда доллардын курсу бир суткада 4-5 сомго көтөрүлдү. Бугүн, 6-апрелде саат 10:45ге карата банктар жана акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны орточо 92.8 сомдон сатып алып, 94.8 сомдон сатышууда. Эске салсак, доллар кечээ эле 88.3 сомдон сатылып алынып, 89.9 сомдон сатылып жаткан эле. Ал эми valuta.

Улуттук банк комбанктарга геосаясий кырдаалды эске алуу менен иш жүргүзүүнү сунуштады

Улуттук банк комбанктарга геосаясий кырдаалды эске алуу менен иш жүргүзүүнү сунуштады

Улуттук банк коммерциялык банктарга кардарларды тейлөөдө коопсуз банк ишин жүргүзүүдө жалпы эрежелерди, ошондой эле учурдагы экономикалык жана геосаясий жагдайды эске алуу менен иш алпарууну сунуштады. Бул тууралуу регулятордун билдирүүсүндө айтылат.   Мындай билдирүүсүн Улуттук банк кечээ, 6-апрелде ЖМКларда «Кыргызстан» коммерциялык банкынын Россиядагы «ишмердүүлүгү» тууралуу маалыматтар тарагандан кийин жарыялады. Маалыматта «Кыргызстан» коммерциялык

Эми Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда Соцфонддун кызматтарын пайдаланса болот

Эми Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда Соцфонддун кызматтарын пайдаланса болот

Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) Соцфонддун кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте пилоттук долбоордун алкагында Бишкек шаарындагы КТБнын базасында мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу маселелери боюнча кызмат көрсөтүү иштери

Жыл сайын он миңдеген жарандар каржы пирамидалардын курмандыгы болушат – ИИМ

Жыл сайын он миңдеген жарандар каржы пирамидалардын курмандыгы болушат – ИИМ

Ички иштер министрлиги жарандарга каржы  пирамидалардын ишинин мыйзамсыздыгы жөнүндө жана жарандарга «инвестициялардын» ордуна жеңил жана тез киреше сунуш кылган бүтүмдөргө катышпоону эскертет. Алдамчылар кыймылсыз мүлк, облигациялар жана акцияларды сатып алууну сунушташат, жогорку кирешелүү интернет долбоорлоруна, курулушка жана айыл чарбасына акча салууга убада беришет. Жогорку натыйжалуу өндүрүшкө инвестиция салууга үгүттөп келишет.

«Альянс Алтын» ЖЧК профсоюзу жамааттык келишимге ылайык алгачкы төлөмдөрүн жүргүздү

«Альянс Алтын» ЖЧК профсоюзу жамааттык келишимге ылайык алгачкы төлөмдөрүн жүргүздү

«Альянс Алтын» ишканасынын профсоюзу жамааттык келишимге ылайык алгачкы төлөмдөрүн жүргүздү. Келишимде ишкананын кызматкерлеринин жакын туугандарын акыркы сапарга узатуу үчүн 10 миң сом өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөө каралган. Бүгүнкү күндө бул төлөмдөрдү 11 адам алган жана анын жалпы суммасы 110 миң сомду түзгөн. Ошондой эле 50, 55, 60 жана

«Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин уставдык капиталы 800 млн сомго көбөйтүлдү

«Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин уставдык капиталы 800 млн сомго көбөйтүлдү

«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин уставдык капиталы дагы 800 млн сомго көбөйтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) маалыматы тастыктайт. Өткөн соода жумасында улуттук холдинг 100 сомдук номиналдык баада 2-чыгарылыштагы акцияларын жайгаштырган. Аны баалуу кагаздардын биринчи жана жалгыз акционери болгон, холдингдин уставдык капиталын жыл аягына чейин 1 млрд сомго чейин

Нургүл Сатарова «Бакай Банктын» төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Нургүл Сатарова «Бакай Банктын» төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Нургүл Сатарова 4-апрелден тарта «Бакай Банк» ААК башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) басма сөз кызматы билдирди. Мындай чечимди банктын директорлор кеңеши кабыл алган. Эске салсак, 29-мартта банктын башкармалыгынын экс-төрагасы Оксана Соломконун берген арызына ылайык, анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.