Айыл чарба тармагын насыялоого «Айыл банкка» 272 млн сом берилди
КРнын Улуттук банкына топтолгон 271.7 млн сом кайтарымдуу финансы каражаттары «Айыл банк» ААКга өткөрүлүп берилди. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун кабинеттин маалымат кызматы билдирди. Кабыл алынган чечимдин алкагында, Финансы министрлигине «Айыл банк» ААК менен тийиштүү карыз милдеттенмесин түзүү тапшырылган. «Айыл банк» алынган финансы каражаттарын айыл