Назира Абдиева

Эльдар Абакиров: Быйыл мигранттардан экономикага 1.5 млрд долларга аз акча келет, анын ордун эмне менен жабабыз, маселе ошондо

Бизнес маек

Эльдар Абакиров: Быйыл мигранттардан экономикага 1.5 млрд долларга аз акча келет, анын ордун эмне менен жабабыз, маселе ошондо

Кечээ, 16-мартта Бишкекте «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форум өттү. Форумда КРнын экономикасы, кризис, валютанын наркы, агрардык өнөр жай тармагындагы абал, геосаясий кырдаал жана жаңы мүмкүнчүлүктөр туурасындагы темалар ортого коюлду. Форумдун алкагында, Экономика министринин мурдагы орун басары, ишкер Эльдар Абакиров Кыргызстандын экономикасындагы азыркы кырдаал тууралуу оюн бөлүштү. Абакировдун айтымында, Кыргызстан

Ош базарында 3 млн сомдук акциздик маркасыз тамеки кампасы табылды

Ош базарында 3 млн сомдук акциздик маркасыз тамеки кампасы табылды

Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) кызматкерлери Бишкекте Ош базарынын аймагында тамеки буюмдарын мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташканын аталган органдын маалымат кызматы билдирди. МСКнын билдиргенине караганда, жеке ишкер кампада акциздик маркасыз ар кандай аталыштагы чет өлкөдө өндүрүлгөн тамекилерди сатып жаткан. Жалпы суммасы 3.4 млн сомго 69 миң 504 куту тамеки тартып алынды.

Кумшекер 65 сомдон, өсүмдүк майы 124 сомдон сатылат – баалар белгиленди

Кумшекер 65 сомдон, өсүмдүк майы 124 сомдон сатылат – баалар белгиленди

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан чыгарылган кум шекердин жана өсүмдүк майынын баалары белгиленди. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, ички рынокту толтуруу максатында Министрлер кабинети рынокко товардык интервенция жүргүзүүгө буйрук берген. «Калктын социалдык жактан аялуу катмарын коргоо максатында, кум шекер рыногундагы баанын учурдагы абалын, минималдуу

Жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышат

Жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышат

Жеке ишкерлер бирдиктүү салык декларациясын Salyk.kg сайтынан «жеке кабинети» аркылуу электрондук түрдө тапшыруулары зарыл. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди. Себеби, жеке ишкерлер 2022-жылдын январь айынан тартып, салык отчетторун электрондук документ түрүндө милдеттүү тапшырууга өтүшкөн. Декларацияны онлайн тапшыруу үчүн Salyk.kg «жеке кабинетине» кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу керек. Бул

Дедолларизация программасы ишке ашса, чет элдик валютанын керексиздиги пайда болот – Думан Рыскулов

Дедолларизация программасы ишке ашса, чет элдик валютанын керексиздиги пайда болот – Думан Рыскулов

Бүгүн, 16-мартта Бишкекте «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форум өтүүдө. Форумда КРнын экономикасы, кризис, валютанын наркы, агрардык өнөр жай тармагындагы абал, геосаясий кырдаал жана жаңы мүмкүнчүлүктөр туурасындагы темалар ортого коюлду. Форумдун алкагында, «Альянс» акча алмаштыруу бюролор Ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов учурдагы кырдаалдын таасиринде калган улуттук валютанын абалы жана буга чейинки

Кыргызстан ЕРӨБдөн алган кредитке Кытайдан автобус алат

Кыргызстан ЕРӨБдөн алган кредитке Кытайдан автобус алат

Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) алган кредитке Кытайдан автобус алууну көздөөдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, ЕРӨБ тарабынан автобустарды сатып алуу боюнча жарыяланган тендерге ылайык, 6 мамлекетке тендердик документация жөнөтүлгөн. «Европага, Россия, Белорусия, Корея, Кытайга жөнөтүлгөн. Бирок Кытайдын 2

КР аркылуу транзит менен өткөн ар бир фурадан «кээ бир кишилер» 1000 доллардан чөнтөгүнө алышат – депутат

КР аркылуу транзит менен өткөн ар бир фурадан «кээ бир кишилер» 1000 доллардан чөнтөгүнө алышат – депутат

Кытайдан КР аркылуу транзит менен өткөн ар бир фурадан республикалык бюджетке 3800 сом гана түшөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу билдирди. Депутаттын билдиргенине караганда, Бажы тармагындагы коррупция жок болуп кеткен жок. «20-25 тонналык фурадан бюджетке 3800 сомдон гана түшөт. Бирок «кээ бир кишилер» алардын

«Камбарата ГЭС-2» долбоорун каржылоо боюнча макулдашуу жактырылды

«Камбарата ГЭС-2» долбоорун каржылоо боюнча макулдашуу жактырылды

«Камбарата ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү» долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Кечээ, 15-марттагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында депутаттар «2017-жылдын 28-февралындагы КР менен Евразия

Улуттук банк бир катар акча алмаштыруу жайларынын лицензиясынын ишин токтотту

Улуттук банк бир катар акча алмаштыруу жайларынын лицензиясынын ишин токтотту

КРнын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракетин токтотту.  I. 2022-жылдын 16-мартынан тартып 31-мартын кошо алгандагы мезгил аралыгына:  1. Бишкек шаары, Манас проспекти 59-үй, 2-кв. дареги боюнча жайгашкан ЖЧК «Ариет финанс» алмашуу бюросунун 2020-жылдын 22-июлундагы № 5997 лицензиясы

ИИМ жарандардарды финансылык пирамидалардан сак болууга чакырат

ИИМ жарандардарды финансылык пирамидалардан сак болууга чакырат

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарандарды финансылык пирамидалардан сак болууга чакырат. 2022-жылдын 2 айында эле ИИМ тарабынан каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча 111 сотко чейинки өндүрүш иши тергелген. Жогорудагы фактылардын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, калгандары Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Жабыркагандардын жалпы саны – 133 адамды түзгөн. Алдын ала келтирилген чыгым 61

Кыргызстан ЕИКтин отурумунда 450 миң тонна буудай сурайт

Кыргызстан ЕИКтин отурумунда 450 миң тонна буудай сурайт

Кыргызстан Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕИК) отурумунда 450 миң тонна квота буудай сурап алууну пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров билдирди. Анын айтымында, учурда базарда абал туруктуу. Бирок 17-18-марттагы өтө турган ЕЭКтин отурумунда Кыргызстан азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу боюнча бир канча өтүнүчтөр менен

Тышкы жардамдарды таасирдүү колдонуу үчүн Координациялык кеңеш түзүлдү

Тышкы жардамдарды таасирдүү колдонуу үчүн Координациялык кеңеш түзүлдү

Министрлер кабинетине караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жалпы координациялоону жүргүзүү жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тышкы жардамын пайдалануу жана пландаштыруу боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алуу үчүн түзүлгөн. Белгилесек,