Кыргызстан ТМУнун Инвестициялык фондунун баш кеңсесин Бишкекте жайгаштырууну сунуштады
Бүгүн, 15-мартта Экономика жана соода министринин орун басары Канат Абдрахмановдун катышуусунда Түрк Мамлекеттери Уюмунун (ТМУ) жетекчилеринин ТМУнун инвестициялык фондун түзүү маселеси боюнча онлайн жолугушуусу болуп өткөнүн министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Министрдин орун басары Фондду түзүү, анын ичинде башкаруу түзүмү, уставдык капиталы, ошондой эле ТМУнун Инвестициялык фондунун башкы кеңсесин жайгаштыруу жөнүндө