Назира Абдиева

Россиянын процессинг борборлору санкцияга кабылса, КРнын бир катар банктары Visa жана Mastercard менен иштей албай калышы ыктымал

Россиянын процессинг борборлору санкцияга кабылса, КРнын бир катар банктары Visa жана Mastercard менен иштей албай калышы ыктымал

Санкция Россиянын процессинг борборлоруна жайылган учурда, бир нече банктардын (ал жакта тейленген) Visa жана Mastercard карта ээлери-кардарлар башка банктардын инфраструктурасында (банкоматтар, POS-терминалдар) тейлене албай калышы мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлады. Бирок алар ошол банктардын өздөрүнүн филиалдарында/сактык кассаларында эсептешүү-кассалык тейлөөгө гана алынышы мүмкүн экенин регулятор кошумчалады. Ушуга

Улуттук банк дээрлик 60 млн долларга жаңы интервенция жүргүздү

Улуттук банк дээрлик 60 млн долларга жаңы интервенция жүргүздү

Кечээ, 10-мартта Улуттук банк 59.3 млн доллар өлчөмүндө интервенция жүргүздү, анын 39.85 млн доллары накталай түрдө сатылды. Улуттук банк интервенция алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүн текшилөө максатында жүргүзгөнүн кабарлады. Регулятор ошондой эле 2022-жылдын башынан 11-мартка чейин доллардын сомго карата расмий курсу 21.6%га, тагыраак айтканда, 84.8 сомдон

Кийинки жумадан тартып «Аэрофлот» Кыргызстанга аба каттамдарын жандантат

Кийинки жумадан тартып «Аэрофлот» Кыргызстанга аба каттамдарын жандантат

Кийинки жумадан тартып «Аэрофлот» Кыргызстанга аба каттамдарын жандантат. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди. Анын айтымында, темир жол аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча да Россия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Пандемия учурунда темир жол транспорту токтотулган. Казакстан буга чейин жүк ташууларды жандандырууга

Улуттук банк эсептик ченди 14%га жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди 14%га жогорулатты

Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 10-мартында пландан тышкаркы отурумда эсептик ченди (негизги ченди) 400 базистик пунктка 14%га чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы кабарлады. УБ мындай чечим КРгы инфляциянын учурдагы динамикасына тышкы таасирлердин тийгизген терс таасирлерин азайтуу максатында кабыл алынганын билдирди. Чечим 2022-жылдын 10-мартынан тартып күчүнө

Энергетикалык суусундуктарга акциз. Эмнеге ал алардын кымбатташына жана контрабанданын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн?

Кызыктуулар

Энергетикалык суусундуктарга акциз. Эмнеге ал алардын кымбатташына жана контрабанданын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн?

Салык кодексинин жаңы редакциясы коомчулукта көптөгөн талаш-тартыштарды жана суроолорду жаратты. ККМди ишке киргизүүгө абдан катуу каршылыктар болду. Бирок ККМдин айланасындагы ызы-чуудан Кодекстин дагы бир талаштуу пункту – энергетикалык суусундуктарга акциздик салыкты киргизүү байкалбай калды. Эксперттер Кыргызстанда тоник (сергитүүчү) алкоголсуз суусундуктарга акциздик салыктын киргизилиши алардын баасынын кескин көтөрүлүшүнө гана алып келбестен, көмүскөдөгү

«Ишкердикти өнүктүрүү фондунун» уставдык капиталын 117 млн сомго жеткирүү тапшырылды

«Ишкердикти өнүктүрүү фондунун» уставдык капиталын 117 млн сомго жеткирүү тапшырылды

«Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы ААКтын уставдык капиталы 2022-жылдын ичинде 117 млн сомго чейин жеткирилет. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун кабинеттин маалымат кызматы кабарлады. Долбоордун милдети болуп, чакан жана орто бизнестин ишкерлерин жеткиликтүү кредиттик каражаттар менен камсыз кылуучу финансы институту катары «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» микрокредиттик компаниясы

«Айыл банк» дыйкандарга кредит берген жок – Бакиров

«Айыл банк» дыйкандарга кредит берген жок – Бакиров

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров «Айыл банк» дыйкандарга эч кандай кредит берген жок деген маалыматты айтты. Анын айтымында, дыйкандарга деп «Айыл банк» аркылуу берилчү кредиттер дыйкандарга жеткен эмес. «Кумтөрдүн акчасы деп ар бир райондо 3-4 кишиге 100 миң сомдон берип коюшуптур, бул өтө эле аз. Мамлекеттик банктардан

Улуттук банктын төрагасы парламентке келсин, доллар 100 сомдон ашып кетти – депутат

Улуттук банктын төрагасы парламентке келсин, доллар 100 сомдон ашып кетти – депутат

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов Улуттук банктын төрагасын парламентке чакырууну сунуштады. Депутат азык-түлүк кымбаттап жатканын айтып, аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн жана резервдик фонддун өкүлдөрүн да чакыруу керектигин айтты. «Дүйнөдө баары кымбаттап жатат, бирок Кыргызстанда азык -түлүк өзгөчө кымбаттап кетти. Улуттук банктын төрагасын чакырсаңыздар, доллардын баасы 100 сомдон ашып

Кыргызстанда доллар 106 сомго көтөрүлдү

Кыргызстанда доллар 106 сомго көтөрүлдү

Кыргызстанда бүгүн, 10-мартта саат 11.40га карата доллардын курсу 106 сомго көтөрүлдү. Мындай маалыматты valuta.kg сайты берди. Акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды 104 сомдон алып, 106 сомдон сатышууда. * Коммерциялык банктарда доллардын наркы 106 сом, кээ бир банктарда 107 сомго чейин жетүүдө. * * *

Россияга чартердик аба каттамдарын көбөйтүү керек – депутат

Россияга чартердик аба каттамдарын көбөйтүү керек – депутат

Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Москвага чартердик рейстерди көбөйтүү керектигин айтты. Анын айтымында, көп каттамдар токтоп жатат жана жакында жумасына 15 эле каттам калат. «Аэрофлот», S7, Ural Airlines компаниялары каттамдарын токтотту, «Уральские авиалинии» дагы токтотсо, 90% аба каттамдары токтогон болот. Ошондо өзүбүздүн компаниялар эле калат экен. Чартердик

Кыргызстандын экономикасын жумушчу күчүнүн экспорту кыймылдатууда – ЕРӨБ

Бизнес маек

Кыргызстандын экономикасын жумушчу күчүнүн экспорту кыймылдатууда – ЕРӨБ

КРнын экономикасын мигранттардын жөнөткөн каражаттары кыймылдатууда. Кыргызстандын 2020-жылга карата ИДПсынын 31%дан ашыгын жумушчу күчүнүн экспорту түзгөн. Бул тууралуу Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) 2021-2022-жылдар аралыгындагы өткөөл мезгил боюнча отчетунун презентациясында ЕРӨБдүн Борбор Азия боюнча жетектөөчү экономисти Эрик Ливни билдирди. Белгилей кетсек, өткөн жылы Россияда мигранттарга суроо-талап күчөгөндүктөн, Кыргызстанга

Айыл чарбасын каржылоого комбанктарга 4.9 млрд сом бөлүнөт

Айыл чарбасын каржылоого комбанктарга 4.9 млрд сом бөлүнөт

Айыл чарбасын каржылоого комбанктарга 4.9 млрд сом бөлүнөт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. «Финансы министрлигине долбоорду ишке ашырууга коммерциялык банктарга пайыздык чендерди субсидиялоо үчүн 520 млн сом бөлүп берүү тапшырылды. Бул 4.9 млрд сом өлчөмүндө жылдык 6%дык үстөк менен жеңилдетилген кредиттерди берүүгө мүмкүндүк берет», — деп