Экономиканын финансы тармагындагы уюмдардын пайдасы 1.7 эсеге өстү
2021-жылдын январь-июнунда экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 27%га көбөйүү менен 30.5 миллиардга жакын сомду түздү, бул банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду. Бул тууралуу Улутстатком билдирди. Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 20.2 млрд сомду түздү жана 13.5%га өстү.