Кыргызстанда салыкчылар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшүүдө
Бүгүн, 21-июлда Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратынын кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады. Эмдөөнү №10 үй бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери уюштурушту. Эмдөөнүн алдында ар бир кызматкердин ден соолугунун абалы текшерилди. Эмдөөдөн аймактык салык органдарынын кызматкерлери да өтүшөт. Ведомствонун борбордук аппаратында