Кыргызстанда эң коррупциялашкан деп Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ жана Мамкурулуш аталды - РЕЙТИНГ
Кыргызстандыктар өлкөдөгү эң коррупциялашкан мекемелер деп Саламаттыкты сактоо министрлигин, Ички иштер министрлигин, Мамкурулушту аташты. Мындай жыйынтыкка Улуттук статистикалык комитет жарандардын мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээли тууралуу жеке пикирин сурамжылоосунун натыйжасынын негизинде келген. 2022-жылдын экинчи жарымында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, кыргызстандыктардын пикири боюнча эң коррупциялашкан 5 органдын катарына Юстиция министрлиги менен Транспорт минист