Назира Абдиева

Акылбек Жапаров: «Кыргызстан казылып алынчу алтындар менен кредиттерден кутулат»

Жогорку Кеңештин депутаты, «Кумтөр» алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн 20-майда түз эфирде пресс-конференция берүүдө. Жапаров алтын өндүрүү иштери учурунда каза болгон жарандар тууралуу айтып, алардын өлүмдөрү боюнча иш козгоо аракеттери башталаары тууралуу сөз кылды. «Азыр өлкөбүздүн экономикалык суверенитети үчүн согуш башталды. Биз баарын

Wildberries платформасында бизнести кантип баштаса болот? Нускама

Кызыктуулар

Wildberries платформасында бизнести кантип баштаса болот? Нускама

Апрель айынын башында КРнын электрондук ассоциациясы КМШдагы эң ири онлайн-аянтчасы болгон Wildberries сайты менен кызматташуу тууралуу Меморандумга кол койгон. Эми кыргызстандык ишкерлер мыйзамдуу түрдө өздөрүнүн товарларын бул аянтчада сата алышат. Эскерте кетсек, аталган сайтта 40 млн колдонуучу жана 90 миң сатуучу бар. Бизнесин Wildberries платформасында да жайылткысы келгендер үчүн Economist.

Өкмөт «Коопсуз шаар» боюнча айып пулдарды 300 сомго чейин түшүрүүнү көздөп жатат

Өкмөт «Коопсуз шаар» боюнча бир катар мыйзам бузуулар үчүн айып пулдарды 300 сомго чейин түшүрүүнү сунуштады. Кечээ 18-майда Жогорку Кеңештин Укук коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети  өзгөртүүлөрдүн концепциясын биринчи окууда карады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет. Баяндамачы Ички иштер министринин орун басары Нурбек

«Кумтөр» боюнча сот иштери сомго кыйыр таасирин тийгизиши мүмкүн – УБ

«Кумтөр» боюнча сот процесстери улуттук валютага кыйыр таасир этиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн 19-майда парламенттик жыйында УБтын төрагасы Толкунбек Абдыгулов депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.   «Абдыгуловдун айтымында, кыргыз сому эркин жүгүртүүдө жана «Кумтөргө» байланган эмес» – деп кабарлайт 24.kg. «Ал 1993-жылы киргизилген жана наркы базар баасынан улам келип чыккан.

Баткендеги Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолу 2022-жылдын аягында бүтөт

Көк-Таш – Ак-Сай – Тамдык айланма жолунун курулушу 2022-жылдын декабрь айында бүтөөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор боюнча жаңы жолдун узундугу 24,5 чакырымды түзөт. Бюджети 536 млн сомду түзгөн тендердин жыйынтыгы менен «Жалал-Абад СМУтт» ЖАК аталган жолду куруу жоопкерчилигин алып, курулуш иштерин 2013-жылы апрелде

Январдан бери доллар биринчи жолу 84 сомдон ылдый түштү

Кыргызстанда январь айынан бери биринчи жолу доллар 84 сомдон ылдый түштү. Бишкекте бүгүн 19-майга карата америкалык валютанын орточо курсу – 83.94 сомду түздү. valuta.kg порталынын маалыматына ылайык, Моссоветтеги акча алмаштыруу жайларында саат 9:50дө 83.9 сомдон сатылып, 83.6 сомдон алынды. Эскерте кетсек, бул жылы Улуттук банк алты

Токтогул ГЭСиндеги суунун запасы «кооптуу көлөмгө» жакындоодо. Кайрадан энергетикалык кризис күтүлүшү мүмкүнбү?

Кызыктуулар

Токтогул ГЭСиндеги суунун запасы «кооптуу көлөмгө» жакындоодо. Кайрадан энергетикалык кризис күтүлүшү мүмкүнбү?

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бир жылдын ичинде 8-апрелдеги абалга карата 26% га, дээрлик 8.6 млрд кубометрге чейин азайды. Бул көрсөткүч ГЭСтин токтоп калуусуна алып келе турган 5.5 млрд болгон «кооптуу көлөмгө» жакын экендигин билдирет. Мындай маалыматтар «Электр станциялары» ААКнун сайтында көрсөтүлгөн. Эксперттердин пикиринде, суунун запасынын азаюусунун түрдүү

Чек ара аймактарында патенти жок иштеген мигранттарга айып пул салынат

Чек ара аймактарында патенти жок иштеген мигранттарга айып пул салынат. Бул тууралуу СКнын басма сөз кызматы билдирди. Ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөбөй иштеген мигранттарга Ички иштер министрлиги тарабынан 10 миң сом жана СКты тарабынан 3 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Салык кызматы КРнын жарандарын чек ара аймактарындагы эмгекчи-мигранттарды ишке

«Кумтөрдө» өндүрүш токтоп калса, бул орду толгус кесепеттерге алып келет – Тажибаев

Жогорку Кеңештин 17-майдагы кезексиз отурумунда «Кумтөр Голд Компани» ишканасына убактылуу тыштан башкарууну киргизүү тууралуу токтом кабыл алынган. Натыйжада, министрлер кабинети Тенгиз Бөлтүрүктү «Кумтөр Голд» ишканасына убактылуу тыштан башкаруучу кылып дайындап, алтын кендеги өндүрүштү көзөмөлүнө алган. Тоо-металлургия профсоюзунун төрагасы Эльдар Тажибаев Economist.kg  басылмасына берген маегинде, компанияга тыштан башкаруу кандай тобокелчиликтерди

Контрабанда менен күрөшүүдөн бюджетке 99 млн сом түштү

Мамлекеттик бажы кызматы контрабандага каршы күрөшүү боюнча ушул жылдын төрт айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Анда мыйзам бузуулардын 1 миң фактысы катталып, натыйжада, бюджетке  99 050 286 сом каражат түшкөн. Бул тууралуу МБКнын маалымат кызматы билдирет.  Үстүбүздөгү жылдын төрт айында бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан 1000 укук бузуу фактысы

КРнын Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жаңы жетекчилер дайындалды

Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, КРнын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери дайындалды. Мамлекет башчысынын жарлыктарына ылайык: Султанбаев Эрбол Абдыкадырович – КРнын Президентинин басма сөз катчысы Жаманбаев Муса Мураталиевич – КРнын Президентинин Администрациясынын Президенттин протокол кызматынын жетекчиси Калматов Анарбек Баратович – КРнын Президентинин КРнын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абытов Алмасбек Ахунж

Centerra Gold Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүгө даяр

Канадалык Centerra Gold Inc. (Кыргызстандын үлүшү 26.4%) алтын өндүрүү компаниясы «Кумтөр» долбоору боюнча КРнын бийлиги менен конструктивдүү сүйлөшүүгө барууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө айтылат. «Биз өкмөт менен талаштуу деп эсептелген маселелер боюнча конструктивдүү сүйлөшүүгө барууга даярбыз. Ошол эле учурда, өкмөттүн акылга сыйбаган иш-аракеттери бизди Centerra Gold