Президент аралыктан иштөө режимине өттү
КРнын Президенти Садыр Жапаров мурда пландаштырылган эл аралык иш-чараларга байланыштуу, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо максатында, убактылуу аралыктан иштөө режимине өттү. «Өлкөдө болуп жаткан бардык окуялар, анын ичинде социалдык-экономикалык маселелер дайыма Мамлекет башчысынын көзөмөлүндө», – деп билдирет президенттин маалымат кызматы.