Назира Абдиева

МЖӨ борбору менен биргеликте «Ош» аэропортунда карго терминал куруу каралууда

МЖӨ борбору менен биргеликте «Ош» аэропортунда карго терминал куруу каралууда

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин Аэродромдогу учуулардын коопсуздугун жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы инспектору Бекзат Алимов “Биринчи радиого” Ош аэропортун жакынкы эки жылда ремонттон өткөрүү маселеси каралып жатканын билдирди.  Анын айтымында, аталган аэропортту оңдоп-түзөө иштери Мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен бирге аткарылмакчы. “Ош” аэропортун өнүктүрүү максатында МЖӨ менен чогуу жаңы учуп-конуу

Жалал-Абад аэропорту оңдоп-түзөөгө 3-6 айга жабылат - бирок ремонтко чейин башка жерге көчүрүлүшү да мүмкүн

Жалал-Абад аэропорту оңдоп-түзөөгө 3-6 айга жабылат - бирок ремонтко чейин башка жерге көчүрүлүшү да мүмкүн

Жалал-Абад аэропорту оңдоп-түзөөгө 3-6 айга жабылат, бирок аэропортту шаардын тышына көчүрүү маселеси да каралып жаткандыктан, минкабдын тиешелүү чечими кабыл алынып калса, ремонтко чейин которулушу да мүмкүн. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин Аэродромдогу учуулардын коопсуздугун жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы инспектору Бекзат Алимовдун билдиргенине караганда, Жалал-Абад аэропорту быйыл толук оңдоп-түзөөдөн өтүш керек. Буга

3.5%дан 7%га чейин — 2023-жылга Кыргызстандын ИДПсы боюнча эл аралык институттардын божомолдору

Кызыктуулар

3.5%дан 7%га чейин — 2023-жылга Кыргызстандын ИДПсы боюнча эл аралык институттардын божомолдору

Кыргызстанда бул жылы ИДПнын өсүшү 3.5%дан 7%га чейин болот. Мындай божомолдорду алдыңкы эл аралык институттар айтышты. Economist.kg 2023-жылга карата республиканын экономикасы боюнча божомолдорду бир макалага топтоду. Өлкөнүн экономикасынын өсүү болжолу, эреже катары, алгач узак жана орто мөөнөттүү мезгилге түзүлөт жана учурдагы кырдаалга жараша андан ары аныкталат.

«Кыргызкөмүр» көмүрдү паспорт менен 4 миң сомдон сатат

«Кыргызкөмүр» көмүрдү паспорт менен 4 миң сомдон сатат

“Кыргызкөмүр” МИ көмүрдү калкка паспорт менен 4 миң сомдон сатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Ишкана жарандар жашаган даректерин жазып каттодон өткөзүп, эки тоннадан сатып алууга болоорун маалымдады. “Кардарым бар деп кирип кеткен портердин айдоочуларына сатылбайт. Акыркы күндөрү ортомчулар “Кыргызкөмүр” алып келген көмүрдү сатып алып, калкка ошону эле 5

2022-жылы Салык кызматы 207.9 млрд сом салык жыйнады

2022-жылы Салык кызматы 207.9 млрд сом салык жыйнады

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматы 207 млрд 901.6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуп, белгиленген планды 3.7 млрд сомго ашыгы менен аткарганын билдирди. Бул 2021-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 63.8 млрд сомго көп. “Анын ичинде 156 млрд 338.3 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналган. План 729.

Төө-Ашууда альтернативдик тоннель курууга инвесторлор изделүүдө - долбоор 234 млн доллар турат

Төө-Ашууда альтернативдик тоннель курууга инвесторлор изделүүдө - долбоор 234 млн доллар турат

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев «Биринчи радиого» берген маегинде Мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борбору менен биргеликте бир канча долбоорлорду ишке ашыруу багытында жумуштар жасалып жатканын айтты. Анын айтымында, учурда Алматы – Чолпон-Ата, Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелге альтернативдик тоннель куруу боюнча кагаздар даярдалып, курууга инвесторлор, өнөктөштөр изделип жатат.

Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу толук 2024-жылы ачылат

Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу толук 2024-жылы ачылат

Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун курулушу 2024-жылы аяктайт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда аталган жолдун Кызыл-Жылдыз, Арал участогунун биринчи фазасы жасалды жана Көк-Арт ашуусунда тоннель курулууда. “Андан тышкары, Түндүк-Түштүк альтернативалык жолунун үчүнчү фазасы боюнча Барек-1 жана Барек-3 транспорт коридорлорун

Эгерде ишкер кээ бир мыйзамдарды билбей калса, мамлекеттик органдар биринчи консультация бериш керек - бизнес-акыйкатчы

Эгерде ишкер кээ бир мыйзамдарды билбей калса, мамлекеттик органдар биринчи консультация бериш керек - бизнес-акыйкатчы

Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысынын милдетин аткаруучу Нурлан Мүсүралиев “Биринчи радиого” бизнес менен мамлекеттик текшерүү органдарынын ортосундагы кызматташуу тууралуу пикирлерин билдирди. Анын айтымында, Экономика министрлигинин алдында кандайдыр бир жумушчу топ түзүлүшү керек жана ага эксперттер, мамлекеттик органдардын, бизнес ассоциациясынын өкүлдөрүн киргизиш керек. “ЖМКларда айрым мамлекеттик органдар “мынча ишкер текшерилип, баланча айып пул салынды”

«Керемет Банктын» акционерлеринин кезексиз жалпы жыйыны өтөт

«Керемет Банктын» акционерлеринин кезексиз жалпы жыйыны өтөт

«Керемет Банк» ААК 2023-жылдын 20-январында акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. КФБнын берген маалыматына караганда, күн тартибинде “Керемет Банк” ААКтын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунун эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жана аталган банктын Директорлор кеңешинин мүчөсүн шайлоо каралат.

Улуттук энергохолдинг суук күндөрү жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат

Улуттук энергохолдинг суук күндөрү жарандарды электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат

Аба ырайынын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда Улуттук энергохолдинг керектөөчүлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, авариялык кырдаалдардан сактануу үчүн электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат. “Республика боюнча энергетиктер ГЭСтерде, көмөк чордондордо жабдуулардын коопсуз иштешин камсыз кылуу жана авариялык кырдаалдарды болтурбоо үчүн күнү-түнү нөөмөттө турушат. Өлкөнүн бардык аймактарында абанын

Эми мамлекеттик ипотеканы пенсиялык топтоолордун эсебинен төлөөгө болот

Эми мамлекеттик ипотеканы пенсиялык топтоолордун эсебинен төлөөгө болот

Өкмөт Мамлекеттик ипотекалык компаниядан (МИК) насыя алган кыргызстандыктарга пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен ипотекалык насыясын төлөөгө уруксат берди. Мындай маалымат өзгөртүүлөр киргизилип жаткан «КРнын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун пенсиялык топтолгон каражаттарын төлөп берүү эрежеси жөнүндө» токтомунда минкабдын сайтында жарыяланды. Эң аз сумма 50 миң сомду түзүп жана ипотекалык

Акылбек Жапаровго Сокулуктагы мал базардын абалы жакпады - аким жумуштан кетет

Акылбек Жапаровго Сокулуктагы мал базардын абалы жакпады - аким жумуштан кетет

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн аймактарындагы мал базарларынын абалы боюнча видеоконференция форматында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Эскерте кетсек, кечээ Жапаров Сокулуктагы мал базарга барып, резина өтүк кийип алып, ал жерди кыдырган болчу. Жыйындын жүрүшүндө ал президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишин сынга алып, Сокулук