Активисттерди камагандан маселе чечилеби? - Мирлан Самыйкожо
Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга берүүгө каршы активдүү позицияны карманган активисттер менен саясатчыларды массалык түрдө кечээ, 23-октябрда кармап башташкан. Камалып, үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн активисттер тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо Фейсбукта өзүнүн баракчасында кайрылуу жасады. “Бүгүн биздин өлкөдө өтө ашыкча, өтө резонанстуу окуя болуптур. Ал окуя жаш активисттердин, айрым саясатчылардын жарандык коомдо өзүнүн