Кыргызстандыктарга браконьерлерди өз алдынча кармоого уруксат берилиши мүмкүн
Жаратылыш ресурстар министрлиги браконьерлерди (мыйзамсыз аңчылык менен алектенгендерди) кармоо үчүн берилүүчү бонустардын өлчөмүн өзгөртүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу маалымат жыйынында Жаратылыш ресурстар министрлигинин биоресурстар бөлүмүнүн башчысы Бекбатыр Бузурманов билдирди. Бузурмановдун айтымында, демилгечилер карапайым жарандарга жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө браконьерлерди кармап, тиешелүү түзүмдөргө өткөрүп берүүнү сунуштап жатышат. «Тилекке каршы, көптөгөн жарандар ж