Эми Кыргызстандан 60тан ашык өлкөдө QR аркылуу төлөм жүргүзүүгө болот

Эми Кыргызстандан 60тан ашык өлкөдө QR аркылуу төлөм жүргүзүүгө болот

"Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК ("Элкарт") Alipay+ менен биргеликте Кыргызстандагы колдонуучулар үчүн эл аралык QR-төлөмдөрдүн ишке киргизилгенин билдирди.

Жаңы кызматтын алкагында "Элкарт Мобайл" тиркемесинин колдонуучулары дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө жана региондорунда товарлар менен кызматтар үчүн QR-код аркылуу төлөм жүргүзө алышат.

Долбоор өлкө жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан санариптик төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү, чек ара аралык төлөмдөрдү жеңилдетүү жана заманбап финансылык кызматтарды жайылтуу багытында ишке ашырылды.

Эми колдонуучулар чет өлкөлөрдө сатып алуулар үчүн төлөмдү көнүмүш ыкма менен — "Элкарт Мобайл" тиркемеси аркылуу QR-кодду сканерлөө аркылуу жүргүзө алышат. Төлөмдөр тез, коопсуз жана кошумча сервистерди кошууну талап кылбайт.

"Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК маалыматына ылайык, жаңы сервис жарандарга чет өлкөдө саякаттоо, билим алуу, иштөө жана соода жүргүзүүдө ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Белгилей кетсек, Alipay+ — дүйнөдөгү алдыңкы электрондук капчыктарды жана төлөм платформаларын бириктирген эл аралык санарип төлөм системасы. Учурда платформа дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө жеткиликтүү.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн