Алтын куймалардын баасы арзандап жатат

Алтын куймалардын баасы арзандап жатат

КРнын Улуттук банкынын өлчөнгөн алтын куймаларынын баасы акыркы күндөрү төмөндөй баштаганы байкалууда. Башкы финансылык жөнгө салуучунун расмий сайтындагы маалыматтарга таянсак, алтын куймалардын баасы 2026-жылдын 30-январында рекорддук өсүшкө ээ болуп, 100гр алтындын өлчөнгөн куймасы 1 572 177.50 сомдон сатылган.

Белгилей кетсек, мындан 1 ай мурда, 10-июнда Улуттук банктын алтын куймасынын 100 гр - 1 260 187.50 сом турса, бүгүн - 1 202 971 сомдон сатылып жатат. Ал эми мындан 1 жыл мурда 100гр алтын куйманын сатуу баасы кыйла төмөн болуп, 959 552.50 сомдон гана бааланган.  

Салыштыруу үчүн бүгүнкү, 1 ай  жана 1 жыл мурдагы Улуттук банктын 1 жана 100 граммдык алтын куймаларынын сатып алуу жана сатуу баасын кароого сунуштайбыз.

Датасы

өлчөмү

Сатып алуу

Сатуу баасы

10.07.2026

1 гр

12 979

13 718

10.07.2026

100 гр

1 167 933

1 202 971

10.06.2026

1 гр

13 531.50

14 106.50

10.06.2026

100 гр

1 223 483.00

1 260 187.50

10.07.2025

1 гр

10 656.50

10 709.50

10.07.2025

100 гр

931 604.50

959 552.50


Улуттук банктын алтын куймаларын сатуу жана кайра сатып алуу баасы күн сайын улуттук валюта - сом менен белгиленет. Анын баасы баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын мурунку жумуш күнүндөгү кечки фиксингинин негизинде аныкталып, КРУБ расмий сайтында жарыяланат.

Мындан тышкары окуңуз

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстанда Каспийдеги окуядан кийин коргоо министри алмаштырылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда каза болгон 14 аскер кызматкерин каза болгондон кийин мамлекеттик сыйлык менен сыйлады. Аларга Бауыржан Момышулы атындагы "Айбын" орденинин II даражасы ыйгарылды. Мындан тышкары, окуядан аман калган үч аскер кызматкери да мамлекеттик сыйлыкка татыды. Эске салсак, каргашалуу окуя 24-

Ишкер Media
Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Экзаменден өтпөгөндөргө айдоочулук күбөлүктөр мыйзамсыз берилгени аныкталды

Министрликтерде жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборунун Ноокен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 100гө жакын айдоочулук күбөлүктөрдү мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер ортомчулар менен алдын ала сүйлөшүп алып,

Ишкер Media
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасы Азия оюндарынан кайтып келишти

26-сентябрда Японияда өтүп жаткан ХХ Азия оюндарында Кыргызстандын намысын коргогон сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү мекенге кайтып келишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Спортсмендерди “Манас” Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев жана

Ишкер Media
Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Ак-Талаада 15 турак үйдү коргоо үчүн дамба курулууда

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Чолок-Кайын айылынын түштүгүндөгү Шырдакбектин сайы участкасында жээкти бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Райондук администрациядан билдиришти. Максаты - эрозияны токтотуп, 15 турак жайды коргоо. Ишти КР ӨКМге караштуу Баткен көчмө механизациялаштырылган отряды аткарууда. Райондук администрация билдиргендей, дамбанын жалпы узундугу 380 метр. Анын 47 метри таш

Ишкер Media