Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу 98 % аяктады

Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу 98 % аяктады

Ысык-Көл облусунда электр энергиясын автоматташтырылган эсепке алуу системасын киргизүү иштери дээрлик толугу менен аяктады. Бүгүнкү күнгө карата аймактагы турмуш-тиричилик абоненттеринин 98 %ы акылдуу эсептегичтер менен камсыз болду.

Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын маалыматына ылайык, облустагы жалпы 124 миң 429 абоненттин 121 миң 460ына заманбап эсептегичтер орнотулду.

Учурда орнотуу иштери убактылуу жашоочулары жок үйлөрдө, ошондой эле Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы алыскы мал чарба кашарларында уланууда.

Акылдуу эсептегичтердин орнотулушу электр энергиясы үчүн төлөм жүргүзүүнү жеңилдетип, абоненттерге бир катар ыңгайлуулуктарды түзөт. Тактап айтканда, эсептегичтерден алынган маалыматтар онлайн режиминде автоматтык түрдө берилип, тургундар "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу электр энергиясынын керектөөсүн жана эсептелген төлөмдөрдү көзөмөлдөп, үйдөн чыкпай эле төлөм жүргүзө алышат.

Мындан тышкары, жаңы система электр энергиясын эсепке алуунун тактыгын жогорулатып, кол эмгегин азайтууга жана керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган.

Белгилей кетсек, акылдуу эсептегичтерди орнотуу электр тармактарын модернизациялоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул система электр энергиясын эсепке алууну санариптештирүүгө жана абоненттер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Энергетика

Акыркы жаңылыктар

Баары

ТИМ башчысы Кулубаев ЖККУнун биргелешкен жыйынына катышты

Кара-Кечеде кар жаап, көмүр жүктөө убактылуу токтотулду

Бишкекте 42 курулуш объектиси текшерилди

Ошто 5200 орундуу заманбап спорттук комплекс курулат

Улуттук банк төлөм уюмуна айып пул салды