Туризм тармагындагы ишкерлерге 3,5-7% менен жеңилдетилген насыя берилет

Туризм тармагындагы ишкерлерге 3,5-7% менен жеңилдетилген насыя берилет

Кыргызстанда туризм тармагында иш алып барган ишкерлерге жылдык 3,5 %дан 7 %га чейинки үстөк менен жеңилдетилген насыя берүү пландалууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, учурда банктар тарабынан сунушталып жаткан 12-20 %дык насыялар туризм тармагындагы ири долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук жаратууда. Ошондуктан ишкерлерге жеңилдетилген шарттагы каржылоо механизмин киргизүү боюнча долбоор даярдалып жатат.

Долбоорго ылайык, жаш ишкерлерге, аял ишкерлерге, ошондой эле туристтик бизнесин жаңы баштап жаткан жарандарга жылдык 3,5 % менен күрөөсүз насыя берүү каралууда. Ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан ишкерлер 5 %, ал эми иштеп жаткан мейманканалары жана туруктуу бизнеси бар ишкерлер 7 % менен насыя ала алышат.

Кубатовдун маалыматына караганда, алгачкы этапта насыя берүүгө 500 миллион сомго чейин каражат бөлүү пландалууда. Учурда тиешелүү долбоорлор иштелип жатат.
Ошондой эле ал 2027-жылы Азия өнүктүрүү банкы аркылуу 100 миллион доллар гранттык каражат келери күтүлүп жатканын, анын 50 %ы туризм тармагына багытталарын белгиледи.

Департаменттин директору жакында Филиппиндин Манила шаарында Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилери менен жолугушуп келгенин кошумчалады.

Жеңилдетилген насыяларды берүүдө мамлекеттик органдар, анын ичинде Финансы министрлиги жана Туризм департаменти тарабынан көзөмөл жүргүзүлөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкектин мэри жыл башынан бери 73 көчөт отургузду

Негизги импорт жана экспорт унаа каттамдары аркылуу жүрөт

Улуттук банк 2 акча алмашуу жайына жана 3 жаранга карата чара колдонду

Айдоочулук экзамендерди өткөрүү үчүн аймактарга 63 жаңы автоунаа берилди

Кыргызстан АӨБ менен туризм тармагындагы долбоорлорду каржылоо маселесин талкуулады