Улуттук банк 2 акча алмашуу жайына жана 3 жаранга карата чара колдонду
КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк валюта рыногунун катышуучуларына чара колдонду.
Финансылык жөнгө салуучунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарындагы 2 акча алмашуу бюросунун ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан сырткары, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылында («Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда) Улуттук банктын лицензиясы жок накталай чет өлкө валютасы менен акча алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн КРнын үч жаранына айып пул тагылган. Билдирүүгө ылайык алардын ар бирине (О.К.Т., К.К.А., Ж.А.К.) 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Улуттук банк жарандарды чет өлкө валютасын алмаштырууда лицензиясы бар алмашуу бюролорунун кызматынан гана пайдаланууга чакырып, мыйзамсыз валюта алмаштыруу жоопкерчиликке алып келерин эскертүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу