Кыргыз-кытай бизнес форумунда 29 келишимге кол коюлду — эмне келишимдер?

Кыргыз-кытай бизнес форумунда 29 келишимге кол коюлду — эмне келишимдер?

Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Үрүмчү шаарында өткөн кыргыз-кытай бизнес форумунда 1 млрд доллардан ашуун суммадагы келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Төмөндө кол коюлган келишимдердин тизмеси келтирилген:

  • КР Экономика жана коммерция министрлиги менен кытайлык Gree Altairnano New Energy Co. Ltd. ортосундагы энергиянын жаңы булактарын пайдалануу менен автобустарды жыйноочу заводду куруу үчүн өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум
  • КР Энергетика министрлиги, КР министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду, "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААК менен кытайлык Molin Energy Company Limited компаниясынын ортосундагы КРда күн электр станцияларын куруу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн кызматташуу жөнүндө келишим
  • КР Энергетика министрлиги менен Goldwind Science and Technology Co., Ltd компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
  • КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Goldwind Science and Technology Co., Ltd компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
  • КР Айыл чарба министрлиги жана кытайлык "Цзюшэньхэ" жоопкерчилиги чектелген үрөөн өнөр жайынын акционердик компаниясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум
  • КР президентине караштуу Улуттук инвестициялык агенттик менен Wuhan Yangluo Port Service Co., Ltd ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
  • Биринчи тараптан КРнын Нарын облусу менен «Синьцзян соода жана логистика (корпорация) компаниясы» ЖЧКсы жана экинчи тараптан Синьцзян инвестициялык жана сууну өнүктүрүү корпорациясынын ортосундагы стратегиялык кызматташтык жөнүндө алкактык келишим
  • КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты менен Кытай темир жол курулуш корпорациясынын 15-бюросунун алдындагы Эл аралык компаниянын ортосундагы кызматташуу жөнүндө алкактык меморандум
  • КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты менен Синьцзян эл аралык China Eagle соода компаниясынын ортосундагы темир заводун куруу долбоорунун алкагында кызматташуу жөнүндө алкактык меморандум
  • КР Энергетика министрлиги менен CHINA POWER ENGINEERING CONSULTING GROUP INTERNATIONAL ENGINEERING CO., LTD. (3ГВт) ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум
  • Биринчи тараптан «Курулуп жаткан электр станциялар дирекциясы» ачык акционердик коомунун жана экинчи тараптан № 5 Кытай темир жол инженердик тайпалык компаниясы жана Кытай чет өлкөлүк инженердик корпорациясынын ортосунда КРда Сары-Жаз ГЭС каскадын куруу ниети жөнүндө келишим
  • «Чакан ГЭС» ААК менен ТВЕАнын ортосунда КРда гидроэнергетикалык долбоорлорду өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум
  • "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен "Xinjiang Dacheng Yuanlong Technology Co., LTD (Синьцзяндагы Дачэнлунюань энергетика технологиясы ЖЧК)" ортосунда "Эркечтам"кыргыз-кытай чек арасына жакын жерге ленталуу конвейер менен көмүр логистикалык борборун биргелешип куруу боюнча ниеттер жөнүндө келишим
  • "Кыргызкөмүр" МИ менен «Shanci Coal Investment Group LLC» ЖЧК ортосунда «Ак-Улак» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен ишмердүүлүк жөнүндө макулдашуу
  • "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен Shanci Coal Investment Group LLC ЖЧКсынын ортосунда «Беш-Бурхан» көмүр кенин биргелешип иштетүү боюнча биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө макулдашуу
  • "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен " Hebei Jinsheng Mining Engineering Co., Ltd" ортосундагы "Тегене" көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө ниеттенүү келишим
  • "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен " Irkeshtan Port Xinji International Trade Co Ltd " ортосундагы "Торугарт" көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө ниеттенүү келишими
  • "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен" Irkeshtan Port Xinji International Trade Co., Ltd" ортосундагы "Каракабак-Балыкты" көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө ниет келишими
  • "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен "Irkeshtan Port Xinji International Trade Co., Ltd" ортосундагы "Торугарт" кыргыз-кытай автомобиль чек арасына жакын жерде көмүр логистикалык борборун биргелешип куруу жөнүндө келишим
  • "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен «Томирис-Кен» ЖЧК ортосундагы "Сүлүктү 11 талаа" көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө ниет келишими
  • "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен кытайлык Kashi Shunbaofu Trade and export Trade Corporation ортосундагы "Торугарт 1" көмүр кенин биргелешип иштетүү жөнүндө ниет келишими
  • Ош мамлекеттик университети менен Шихэцзы университетинин ортосундагы кызматташуу келишими
  • "Кыргыз почтасы" ААК менен кытайлык «Сай Чэн» компаниясынын ортосундагы эл аралык почта жүгүртүү жана трансчек аралык электрондук коммерцияны өнүктүрүү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум
  • "Кыргыз почтасы" ААК менен Сычуань Хунсиньде инвестициялык фондунун башкаруучу компаниясынын ортосундагы кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандум
  • "Кыргыз почтасы" ААКсы менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Кашкар шаарынын элдик өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум
  • Кытай Эл Республикасынын «Ош Шаян» түштүк аймагындагы ишкерлер ассоциациясы менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун Кашгар шаарынын элдик өкмөтүнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум
  • КРдан "АМАН-ГРИНФУД" ЖЧК менен кытайлык " Xinjiang Deyuanxiang Trading Co., Ltd." компаниясынын ортосунда КРдан КЭРге балды экспорттоо жөнүндө макулдашуу
  • КРдан «ТОРО» ЖЧК менен кытайлык «Tianjin KuaiXianSong Vegetable Sales Co., Ltd» компаниясынын ортосунда КРдан КЭРге эт экспорттоо жөнүндө макулдашуу
  • КРнын "АКВА ПРОМ" ЖЧК менен кытайлык «Tianjin KuaiXianSong Vegetable Sales Co., Ltd» компаниясынын ортосунда КРдан Кытайга балык экспорттоо жөнүндө макулдашуу.

Мындан тышкары окуңуз

Башкы прокуратура ишкердин 950 миң сомдук салык карызын эсептен чыгартты

Башкы прокуратура ишкердин 950 миң сомдук салык карызын эсептен чыгартты

Башкы прокуратура салык органы тарабынан ишкердин укугу бузулган учурду аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, "П" ЖЧКсынын 950 миң сомдон ашык салык карызы мыйзамга ылайык эсептен чыгарылууга тийиш болгон. Бирок компания бир нече жолу кайрылганына карабастан, чара көрүлгөн эмес. Тескерисинче, ашыкча төлөмдөрдөн карызды жабууга чегерилген.

Ишкер Media
Бишкекте 15 кабаттуу бизнес-борбордун курулушу токтотулду

Бишкекте 15 кабаттуу бизнес-борбордун курулушу токтотулду

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имаратты текшерди. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, текшерүү Байтик Баатыр көчөсү 23–25 жана Кошевой көчөсү 31, 31А, 33, 38 даректериндеги 15 кабаттуу бизнес-борбордо жүргүзүлдү. Учурда имараттын 10-кабаты курулуп жатат. Текшерүүнүн жүрүшүндө биринчи

Ишкер Media
Марлен Маматалиев Катардын элчисин кабыл алды

Марлен Маматалиев Катардын элчисин кабыл алды

24-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Катар мамлекетинин Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Жабер Аль-Гуфран Аль-Маррини кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу жана парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Төрага 1998-жылдан

Ишкер Media
Бишкекте акысыз кан тапшыруу акциясы өтүүдө

Бишкекте акысыз кан тапшыруу акциясы өтүүдө

Бүгүн Республикалык кан борборунда ыктыярдуу донорлордон кан топтоо боюнча акция өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, акция саат 08:00дөн 14:00гө чейин Чыңгыз Айтматов проспекти, 60 дарегинде өткөрүлөт. Кан акысыз жана кайтарымсыз негизде кабыл алынат. Кан тапшырууга даярдануу эрежелери: • 48 саат мурун - алкоголдук ичимдиктерди колдонбоо; • 72 саат

Ишкер Media