МинКаб Финансы министрлигине 60 млрд сомдук мамлекеттик казына облигацияларын чыгарууну тапшырды

МинКаб  Финансы министрлигине 60 млрд сомдук мамлекеттик казына облигацияларын чыгарууну тапшырды

МинКаб 2026-жылдын 2-мартындагы №127-т тескемеси менен баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү, 2026-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана мамлекеттик банктардын финансылык туруктуулугун жогорулатуу боюнча чараларды бекитти.

Каржы министрлигине берилген тапшырмалар

Финансы министрлиги Жогорку Кеңештин профилдик комитети менен макулдашуу аркылуу:

  • 2026-жылкы бюджеттин киреше бөлүгүн Улуттук банктын пайдасынан түшкөн 16 млрд 534 млн 736 миң 497,99 сомго көбөйтүү;
  • "Айыл Банктын" уставдык капиталын көбөйтүү үчүн 60 млрд сом бөлүү;
  • 15 жылдык мөөнөткө, 3% купондук чен менен, негизги суммасы мөөнөт соңунда бир жолку төлөм менен жабылуучу мамлекеттик казына облигацияларын сом менен чыгаруу жана жайгаштыруу аркылуу 60 млрд сом тартуу;
  • мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан түшкөн каражаттын 35 млрд сомун Мамалекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө багыттоо;
  • мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча карызды мамлекеттик ички карызга кошуп, тиешелүү өзгөртүүлөрдү 2026-жылкы республикалык бюджет жана 2027–2028-жылдарга пландалган мезгил боюнча мыйзамга киргизүү.
Кошумча чаралар

"Айыл Банкка" 60 млрд сомдук мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу жана 15 жыл ичинде жыл сайын таза кирешени көбөйтүп, андан түшкөн дивиденддерди толугу менен республикалык бюджетке которуп туруу сунушталды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине "Айыл Банктын" уставдык капиталын көбөйтүүнү камсыз кылуу жана кирешени бөлүштүрүүдө тескеменин талаптарын жетекчиликке алуу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына иш сапар менен барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Баткен жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Ал белгилегендей, мамлекет башчысынын сапары бүгүн башталып, эки күнгө созулат. Сапардын алкагында мамлекет башчысы Баткен облусунун жергиликтүү тургундары менен жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле Ош шаарында Мамлекеттик чек ара кызматынын модернизацияланган объектилери менен

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 13-октябрда суу убактылуу өчүрүлөт

13-октябрда саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, суу турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо объектилерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине берилбейт. Суу өчүрүлө турган аймактар: • Алыкулов – Костанай – Муром – Садыгалиев – Лев Толстой

Ишкер Media
Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Электр энергиясына болгон муктаждык камсыздалат

Кече Кара-Көл шаарында энергетика министри Алтынбек Рысбеков “Электр станциялар” ачык акционердик коомунда кеңешме өткөрдү. Ага компаниянын башкы дирекциясынын өкүлдөрү, филиалдардын директорлору жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Кеңешменин жүрүшүндө “Электр станциялар” ААКсынын башкы директору Улугбек Мамыралиев компаниянын ишмердүүлүгү, негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөр, энергетикалык жабдуулардын учурдагы абалы, оңдоо иштеринин жүрүшү жана 2026–

Ишкер Media
Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

Кочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөт

10-октябрда Кочкор темир жол бекетинде алгачкы жолу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын вагондоруна көмүр жүктөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, жүктөлгөн көмүр Бишкек шаарынын ЖЭБине жөнөтүлөт. Жүктөө иштери Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылындагы көмүр аянтчасында жүрүүдө. Ташуу үчүн жалпы сыйымдуулугу 1 000 тонна болгон

Ишкер Media