Кыргызстанда чакан жана орто бизнеске 6%дык жеңилдетилген насыялар берилет
Экономика жана коммерция министрлигинин бизнес чөйрөсүнүн саясаты башкармалыгынын башчысы Аким Насиров бүгүн чакан жана орто бизнести колдоо программасы тууралуу маалымат берди.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө:
- 20 миңден ашык чакан жана орто ишкана,
- 496 миңге жакын жеке ишкер иш алып барууда.
Чакан жана орто бизнестин үлүшү ИДПны 51,7%ды түзөт.
Өлкөдө чакан жана орто ишканаларды колдоо боюнча программа ишке киргизилген. Анын алкагында бизнеске 6% жеңилдетилген пайыздык чен менен насыялар берилет. Ошондой эле бул насыялар Кепилдик фонд тарабынан кепилдендирилиши мүмкүн.
Аким Насиров белгилегендей, ишкерлер үчүн маанилүү маселелердин бири — насыялардын мөөнөтү өтүп кеткен карыздары. Министрликтин түшүндүрмөсүнө караганда, мындай карыздар ишкерлердин кредиттик тарыхына терс таасир этет. Бирок көпчүлүк ишкерлердин бизнеси сезондук мүнөзгө ээ.
Мурдагы эрежелерге ылайык, 60 күндөн ашык кечиккен кредит жаңы кредит алууга баш тартууга негиз болуп келген. Ал эми бул программанын алкагында мындай ишкерлер да жеңилдетилген кредит алууга укуктуу.
Министрлик ошондой эле алынган каражаттарды бизнеске керектүү ар кандай максаттарга, анын ичинде мурунку карыздарды жабууга пайдаланууга болорун белгиледи.