Жасалма акча жасоого шектелгендер кармалды
Трансулуттук кылмыштуу топтун жасалма акча жасоо жана аны сатуу менен алектенген ишмердүүлүгү токтотулганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бир нече мамлекеттин аймагында жогорку сапаттагы жасалма акчалар даярдалып, андан соң кеңири тармакталган сатуу каналдары аркылуу жайылтылып келген.
Контролдук сатып алуу учурунда Ю. М. Ю. жана Т. у. А. кармалган. Алардан чет элдик валютанын олуттуу көлөмдөгү жасалма акчалары жана башка далил заттар алынган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренеси, 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда кылмыштуу схеманын бардык катышуучуларын жана таратуу каналдарын аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.