Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулду

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулду

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлуп, Президенттин иш башкармалыгына кошулду. Мындан ары санариптик саясатты координациялоо толугу менен Президенттин иш башкармалыгына жүктөлөт.

Маалыматка караганда, өлкөдө санариптештирүү боюнча жетишкендиктер бар болгону менен, айрыкча бизнес үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар сакталууда. Ошондой эле аймактарда санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жетишсиз экени айтылат.

Жаңы өзгөртүүлөр санариптик өкмөттү өркүндөтүүгө, мамлекеттик кызматтарды жеткиликтүү кылууга, киберкоопсуздукту күчөтүүгө жана жасалма интеллект сыяктуу технологияларды кеңири киргизүүгө багытталган.
Мындан тышкары, мамлекеттик органдардагы санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарлардын кызматтары кыскартылып, тиешелүү ресурстар борборлоштурулат.

Министрлер кабинети мыйзамдарды жаңыртып, өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңешке киргизүүгө милдеттендирилди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош шаарында жаңы Юстиция үйү ачылды

Нарында өнөр жай паркы түзүлөт

Бишкектеги паркка 85 түп эмен көчөтү отургузулду

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду