Күйүүчү майды субсидиялоонунун мөөнөтүн узартуу сунушталууда
Күйүүчү майды субсидиялоону 2027-жылдын 31-мартына чейин узартуу сунушталууда. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыкты.
Анда колдоо АИ-92 бензинин, дизель жана автогазды импорттоод жана сатууда көрсөтүлөрү айтылат. Буга чейин мындай колдоо 31-декабрга чейин белгиленген. Эми өкмөт аны узартууну көздөп жатат.
Долбоордо ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн күйүүчү май ташыгандарга бажы төлөмдөрүн кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү да каралган. Өкмөт ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен үчүнчү өлкөлөрдүн импорттук шарттарын теңдөөнү план кылууда.
Токтом долбоорунда "субсидиялардын өлчөмү белгиленген туруктуу баанын 20 пайызынан ашпоого тийиш" деп жазылып турат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу