"Ачык кабинет" долбоору: Эми министрлердин иши элге ачык көрсөтүлөт

"Ачык кабинет" долбоору: Эми министрлердин иши элге ачык көрсөтүлөт

Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" аттуу жаңы долбоорду ишке киргизет. Анын алкагында аткаруу бийлигинин негизги өкүлдөрү массалык маалымат каражаттары менен ачык форматта иш күндөрүн өткөрүшөт. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

13-май күнү Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы объектилерге барат. Сапарлардын негизги максаты мамлекеттик долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөө жана жер-жерлердеги маселелерди ыкчам чечүү болуп саналат. ЖМК өкүлдөрү Министрлер Кабинетинин башчысынын иш процессин жеринен чагылдыра алышат.

Ошол эле күнү Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — юстиция министри Аяз Баетов дагы журналисттер жана блогерлер менен бирге иш күнүн өткөрөт. Анын күн тартибине Юстиция үйүнө баруу, реформалар жана санариптештирүү боюнча бейформал жолугушуу, ошондой эле мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана бизнес өкүлдөрү менен дебюрократташтыруу маселелери боюнча кеңешме кирет.

Ал эми 15-май күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев долбоорго катышып, аймакты өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берет.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

Улуттук банкта санариптик активдердин коопсуздугу талкууланды

9-сентябрда Улуттук банкта коммерциялык банктардын өкүлдөрү үчүн "Санариптик активдер: коопсуздук, комплаенс жана көзөмөл" аттуу воркшоп өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, иш-чарага блокчейн-технологиялар жана санариптик активдердин коопсуздугу боюнча эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты. Воркшоп Улуттук банк менен CertiKтин

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

"Бала ырысына" 285,6 млн сом төлөм жүргүзүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 10-сентябрда "Бала ырысы" ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөкпулунун кезектеги төлөмү каржыланганын билдирди. Маалымат базасы жаңыртылып, жарандардын арыздары иштелип чыккандан кийин төлөм алууга 232 229 алуучу түзүлдү. Каржылоонун жалпы суммасы 285 млн 588 миң 480 сомду түздү. Эске салсак, "Бала ырысы&

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Кытайдын ири компаниялары Кыргызстанга кызыгууда

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдвын 19 ири компаниясынын жетекчилери менен жолугушту. Агенттиктин маалыматына ылайык, жолугушууда кайра жаралуучу энергетика, жасалма интеллект, машина куруу, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы сыяктуу тармактардагы инвестициялык долбоорлор талкууланды. Компаниялардын арасында Tesla жана Apple компанияларына тетиктерди жана технологиялык чечимдерди жеткирген ишканалар

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн