Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланды

Адылбек Касымалиев Кыргыз футбол биримдигинин президенти болуп шайланды

Бүгүн Бишкек шаарында Кыргыз футбол биримдигинин кезексиз конгресси өттү. Бул тууралуу Футбол биримдигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында уюмдун жаңы жетекчилигин жана аткаруучу комитеттин мүчөлөрү шайланды.

КФБнын Уставына ылайык, президенттик кызматка жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн Адылбек Касымалиевдин талапкерлиги ачык добуш берүү аркылуу бир добуштан колдоого алынды.

Ал эми аткаруучу комитеттин жаңы мүчөлөрү болуп Акылбек Маматов жана Жохан Ералханов шайланды.

Жаңы шайланган президенттин жана аткаруучу комитеттин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2030-жылга чейин созулат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда Эл аралык валюта фондунун миссиясы ишин баштады

"Кыргызнефтегаз" жаңы газ кенин тапты

Депутаттар илимий-изилдөө институттарынын иши менен таанышты

Эмгек министри "Келечек" реабилитациялык борборунун иши менен таанышты

Кыргызстанда 15 МВттык калкып туруучу күн электр станциясы курулат