Кыргызстан менен Татарстан экологиялык кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстан менен Татарстан экологиялык кызматташтыкты кеңейтет

Бүгүн Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Татарстан Республикасынын экология жана жаратылыш ресурстары министри Азат Зиганшин жетектеген делегация менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Арслан Койчиев кыргыз жана татар элдерин тарыхый байланыштар, жалпы маданий мурас жана түрк дүйнөсүнө таандык руханий баалуулуктар жакындатып турарын белгиледи.

Тараптар климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, суу жана токой ресурстарын коргоо, экологиялык мониторинг жүргүзүү жана жашыл технологияларды жайылтуу боюнча пикир алышты. Ошондой эле экология тармагындагы адистердин тажрыйба алмашуусун кеңейтүү маселеси каралды.

Мамлекеттик катчы жакынкы күндөрү өтө турган юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумуна Татарстан Республикасынын өкүлдөрүнүн катышуусу эл аралык диалогду өнүктүрүүгө жана элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар экологиялык коопсуздук, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары окуңуз

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык өнөктөштөр менен жолугушту

Бүгүн КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуп, мындан аркы кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулады. Жолугушууда эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо, ошондой эле министрлик менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды. Медербек Туманов эл аралык өнөктөштөрдүн

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банк менен CertiK - өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Улуттук банктын Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев блокчейн-технологиялардын жана санариптик активдердин коопсуздугу жагындагы алдыңкы эл аралык компаниялардын бири болгон CertiK компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрдү. Бул тууралуу башкы банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык технологиялар,

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Касымалиев Таласта Эгемендүүлүк күнүнө даярдыкты текшерди

Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачыла турган социалдык жана инфраструктуралык объектилердин даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу министрлер мабинетинин басма сөз кызматы билдирди. МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусундагы бир катар объектилерди кыдырып, алардын даярдыгы менен таанышты. Ал Эгемендүүлүк күнүн жогорку деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, жооптуу мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонду - 15 млрд 61 млн сом инвестициялады

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун 2026-жылдын январь-август айларындагы инвестициялары: натыйжалары жана кирешелүүлүгүн Социалдык фонд жарыялады. Билдирүүгө караганда мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан 2026-жылдын январь-август айларында жалпы 15 млрд 61 млн сом инвестицияланды. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, анын 11 млрд 489,4 млн сому мамлекеттик баалуу кагаздарга