Кыргызстанда шайлоочулардын саны 4,5 миллионго жакындады
Борбордук шайлоо комиссиясы 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады.
Мекеменин маалыматына ылайык, Кыргызстанда алдын ала тизме 4 467 040 шайлоочу бар.
Алдын ала шайлоочулардын тизмеси кагаз түрүндө 2026-жылдын 18-ноябрына чейин өлкөдөгү 2492 шайлоо участкасында илинет.
Шайлоочу өзүн тизмеден 2027-жылдын 12-январына чейин текшере алат:
• 1255 же 119 кыска номерлерине чалып;
• шайлоо участогунан;
• «tizme.gov.kg» сайтынан;
• же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).
Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, шайлоочу 2027-жылдын 12-январына чейин электрондук форматта "tizme.gov.kg" сайтында "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу арыз менен кайрыла алат.