Жарандардын кайрылууларын кароо тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Жарандардын кайрылууларын кароо тартибине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргызстанда жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, мыйзам 2026-жылдын 15-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга төмөнкү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган:

  • электрондук билдирүүлөр мамлекеттик тутуму, башка маалыматтык тутум, расмий сайт жана электрондук почтанын расмий дареги аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылуулар белгиленген тартипте каралууга тийиш;
  • электрондук кайрылууга жооп электрондук документ жүгүртүү тутумунда түзүлөт, электрондук колтамга коюлат жана мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий электрондук почтасы аркылуу жаранга кайрылууда көрсөтүлгөн электрондук дарегине, ал эми ал жок болсо – андан кайрылуу келип түшкөн электрондук дарекке жөнөтүлөт.
  • эгерде кайрылууда жоопту почта дареги боюнча жөнөтүү жөнүндө өтүнүч камтылса, ал жазуу жүзүндө гана жиберилет;
  • эгер кайрылуунун өзүндө башкача көрсөтүлбөсө, мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары жарандарга кайрылууну кароонун натыйжалары жана ал боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө ошол кайрылуу берилген формада маалымдоого милдеттүү.
Мыйзам мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандардын электрондук кайрылууларын кароо тартибин оптималдаштыруу максатында кабыл алынган.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чүйдөгү абакта электр прожекторлорун өндүрүүчү жаңы цех ишке кирди

Түп районунда 750 орундуу мектеп курулууда

Элдин электрондук капчыктарынан 11,5 млн сомдон ашык акчаны кымырып алгандар кармалды

Чүйдө мамлекеттик унаа лабораториясы ачылды

Кыргызстанда шайлоочулардын саны 4,5 миллионго жакындады