Кыргызстан менен Азербайжан парламенттер аралык кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Азербайжан парламенттер аралык кызматташууну кеңейтет

14-июлда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Сейфаддин оглу Гандилов менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматына ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кызматташтыкты, анын ичинде парламенттер аралык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелери каралды.

Болот Ибрагимов эки өлкөнүн ортосундагы тарыхый, маданий жана руханий байланышка негизделген достук мамилелерди чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, депутаттык достук топторунун ишин активдештирүү, өз ара сапарларды уюштуруу жана тармактык комитеттердин кызматташуусун кеңейтүү зарылдыгын айтты.

Ошондой эле ал Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын алкагындагы өнөктөштүк парламенттер аралык диалогду жана саясий, экономикалык, гуманитардык байланыштарды бекемдөөдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

Өз кезегинде элчи Латиф Сейфаддин оглу Гандилов Азербайжан Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча кызматташууну, анын ичинде парламенттер аралык алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, элчи Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин төрайымы Сахиба Гафарованын Парламенттер аралык союздун президенти кызматына талапкерлиги көрсөтүлгөнү тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52