Кыргызстан менен Пакистан соттолгондор боюнча маанилүү макулдашууну ишке киргизди

Кыргызстан менен Пакистан соттолгондор боюнча маанилүү макулдашууну ишке киргизди

Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Эми эки өлкөнүн жарандары белгиленген тартипте жазасын өз мекенинде өтөө үчүн кайрылууга мүмкүнчүлүк алышат.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, документке 2025-жылдын 4-декабрында Исламабад шаарында президент Садыр Жапаровдун Пакистанга болгон расмий сапарынын алкагында кол коюлган.

Макулдашуу соттолгон адамдарды алардын жарандыгы болгон мамлекетке өткөрүп берүү аркылуу жаза мөөнөтүнүн калган бөлүгүн өз мекенинде өтөөсүнө укуктук негиз түзөт. Бул алардын укуктарын коргоого, үй-бүлөлүк жана социалдык байланыштарын сактоого, ошондой эле коомго кайра интеграцияланышына көмөктөшүүгө багытталган.

Учурда Кыргызстандын жаза аткаруу мекемелеринде Пакистандын 18 жараны жазасын өтөп жатат. Макулдашуу күчүнө киргенден кийин алар белгиленген тартипте жаза мөөнөтүнүн калган бөлүгүн өз өлкөсүндө өтөө үчүн өткөрүп берүү тууралуу өтүнүч менен кайрыла алышат. Ар бир кайрылуу макулдашуунун жоболоруна жана эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык өзүнчө каралат.

Маалыматка ылайык, макулдашуунун долбоорун иштеп чыгуу, Пакистан тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана аны күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболорду координациялоо прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Август айында 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди

Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 2026-жылдын август айында республика боюнча 80 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Институттун адистери ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфраструктура объектилерин текшеришти. Курулуш министрлигинин билдирүүсүнө караганда, алардын ичинен 33ү — социалдык объект, 8и — административдик имарат, 23ү — турак жай,

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Балыкчы шаарынын бюджетинен 826,7 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы шаарынын 2024–2025-жылдардагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүп, каржылык бузууларды  аныктады. Аудиттин жыйынтыгында жалпы 826 млн 750 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталып, анын ичинен 776 млн 576,6 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 425 млн

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Күн электр станциясы үчүн бөлүнгөн 800 гектар жер боюнча мыйзам бузуу аныкталды

Башкы прокуратура кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, текшерүүдө күн электр станциясын курууга бөлүнгөн 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга өткөрүүдө эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөнү аныкталган. Тактап айтканда, айыл

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

“Бала ырысы” жөлөкпулун алуу үчүн 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды

Кыргызстанда “Бала ырысы” ай сайын берилүүчү жөлөкпул ишке киргизилгенден бери, үч жашка чейинки балдарга жөлөкпул алуу үчүн - 240 миңден ашуун арыз кабыл алынды. КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, бул программаны ишке ашыруунун биринчи айында (июль айында) - 191 796 арыз кабыл алынган. Жалпы кайрылуулардын саны дээрлик 52