Жогорку Кеңештин комитети БШКнын ар жылдык баяндамасын укту

Жогорку Кеңештин комитети БШКнын ар жылдык баяндамасын укту

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бүгүн, 2025-жылга карата КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ар жылдык баяндамасын укту.

Маалымат менен КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров тааныштырды.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев буга чейинки парламенттик шайлоолордо аныкталган бир катар көйгөйлөргө токтолуп, анын ичинен талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулуктарды жүргүзүү үчүн QR-коддордун иштебегени тууралуу маселеге көңүл бурду. Ошондой эле майыптыгы бар адамдардын шайлоо участкаларынан тышкары добуш берүү тартиби тууралуу кеп кылган эл өкүлү мындай добуш берүүнү шайлоонун алдында эмес, шайлоо күнү өткөрүүнү сунуштады.

Депутат Болот Ибрагимов добуштарды сатып алуу фактылары, алардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чараларга токтолду. Депутат Венера Салямова шайлоочулардын шайлоого катышуусун жогорулатуу боюнча маселе көтөрдү.

Ал эми комитет төрайымы Гульнара Акимбаева дагы майыптыгы бар адамдардын шайлоого катышуусун камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, алардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу үчүн бардык шарттарды түзүү зарылдыгын билдирди.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү БШК төрагасынын баяндамасын эске алды.

Мындан тышкары окуңуз

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media