Адылбек Касымалиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору менен жолугушту

Адылбек Касымалиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы - Адылбек Касымалиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушту. Жолугушуу анын Кыргызстандагы миссиясынын аяктаганына байланыштуу уюштурулган.

Тараптар Кыргызстандын БУУ системасы менен кызматташтыгын жана мындан аркы өнөктөштүктүн багыттарын талкуулашты. Ошондой эле туруктуу өнүгүү, калктын бакубаттуулугун жогорулатуу, адамдык потенциалды өнүктүрүү жана мамлекеттик институттардын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө боюнча биргелешкен долбоорлор каралды.

Касымалиев БУУнун өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруудагы ролун белгилеп, кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле Кыргызстан тарыхында биринчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланганын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Адылбек Касымалиев Антье Гравеге Кыргызстан менен БУУнун өнөктөштүгүн бекемдөөгө кошкон салымы, кесипкөйлүгү жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн Министрлер кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине дагы 1 786 батир берилет

Бишкекте мыйзамсыз такси кызматтарына каршы рейд өттү

2050-жылга карата Борбор Азиянын мөңгүлөрү 60–80 пайызга чейин кыскарышы мүмкүн

Нарында сел коркунучун алдын алууга 11 млн сом жумшалды

Бул күндөрү Бишкек акыр-чикирден тазаланмакчы