Аяз Баетов президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Аяз Баетов президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аяз Баетов президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Дайындоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык жүргүзүлдү. Анын президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү катары жаңы милдеттери коомдук башталышта аткарылары белгиленди.

Аяз Батыркулович Баетов азыркы учурда Нью-Йорк шаарындагы БУУда Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматын ээлейт. Ага чейин ал, 5 жыл бою Юстиция министри кызматын аркалап келген.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Быйыл өлкөдө 742,5 миң тонна буудай жыйналды

Финкөзөмөл Мамлекеттик лотерея компаниясын пландан тышкары текшерүүнү баштады

Саламаттык сактоо министрлиги: Курултайда көтөрүлгөн тапшырмалар 75% аткарылды

Акыркы 5 жылда мугалимдердин айлыгы эки эсеге өстү

Bishkek Snow Leopard Run: марафондон жаратылышка жардам (видео)