Азымбакиев Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директоруна ишеним грамоталарын тапшырды
Женева шаарындагы БУУнун Кеңсеси жана башка эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Муратбек Азымбакиев Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) Башкы директору Нгози Оконджо-Ивеала менен жолугушту.
Тышкы иштер министрлигинен маалымдагандай, тараптар Кыргызстандын ДСУ менен кызматташтыгын мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашты.
Жолугушууда эл аралык сооданы өнүктүрүү, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, санариптештирүү жана ата мекендик товарларынын дүйнөлүк рынокторго жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери каралды.
Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоо, соода жана транспорттук чыгымдарды кыскартуу, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн соода-экономикалык өз ара байланышын чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Азымбакиев Дүйнөлүк соода уюмунун башкы директору Нгози Оконджо-Ивеалага Кыргыз Республикасынын ДСУдагы туруктуу өкүлү катары ишеним грамоталарын тапшырды.
Мындан тышкары ал Кыргыз Республикасынын көп тараптуу соода тутумунун принциптерине берилгендигин жана ДСУнун Катчылыгы менен мындан ары да конструктивдүү кызматташууга кызыкдар экендигин ырастады.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу