Былтыр өлкөгө 1 млрд 310 млн доллар чет өлкөлүк инвестиция тартылган

Былтыр өлкөгө 1 млрд 310 млн доллар чет өлкөлүк инвестиция тартылган

6-ноябрда Министрлер кабинетинин кезектеги отуруму болуп өттү. Анда МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылы ички дүң продукция 11,1 пайызга, 2026-жылдын 9 айында 10,8 пайызга өскөнүн билдирди.  

Статистикалык көрсөткүчтөр боюнча, өлкөгө 2025-жылы 1 млрд 310,8 млн доллар тикелей чет өлкөлүк инвестиция тартылса, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул көрсөткүч 709,9 млн долларды түзгөн. 

МинКабдан билдиргендей, отурумда инвестициялык саясат жана ири долбоорлорго байланышкан маселелер каралды.

Анда "Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө" Министрлер Кабинетинин токтомуна өзгөртүү киргизүү маселеси каралып, ал кабыл алынды. 

Ошондой эле, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жана аймактарды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Бишкек", "Каракол", "Лейлек", "Маймак" жана "Нарын" эркин экономикалык чөлкөмдөрү жөнүндө Жоболорду бекитүү тууралуу" Министрлер Кабинетинин токтомуна өзгөртүү киргизилди. 

Мындан тышкары, Нарын облусунда энергияны көп керектеген төмөн көмүртектүү өндүрүштөрдүн өнөр жай паркын куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, Министрлер Кабинетинин тескемеси кабыл алынды. 

Отурумдун соңунда Касымалиев Президенттин Администрациясына киргизиле турган ар бир ченемдик укуктук актылардын долбоорлору дыкат иштелип чыгуусун айтып, бир катар тапшырмаларды берди. 

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Тилек конушунда 80 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Бишкекте май өндүрүү тармагындагы маселелер талкууланды

Нарында мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып салынды

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты

Дайджест: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар