Бишкекте 16 жер тилкеси кайрадан аукционго коюлду
Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы тарабынан коомдук дааратканаларды жайгаштыруу үчүн 16 жер тилкеси кайрадан аукционго коюлду.
Мэриянын маалыматына караганда, аукцион 2026-жылдын 5-ноябрынан 5-декабрына чейин өткөрүлөт.
Жер тилкелери төмөнкү даректерде жайгашкан:
- И. Айдарбеков атындагы бульвар (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) менен Чокморов көчөсүнүн кесилиши;
- Чокморов жана Шевченко көчөлөрүнүн кесилиши;
- Кочкор жана Тыныбеков көчөлөрүнүн кесилиши ("Люкс" сквери);
- Муромская жана Айни көчөлөрүнүн кесилиши (№ 4 шаардык клиникалык оорукананын жанындагы сквер);
- Айни көчөсү, 209 (Осмонов көчөсү менен кесилишкен жер, жаңы парк);
- Камчатская көчөсү (№ 1 үйдүн маңдайы);
- Садырбаев көчөсү — "Сакалдуу" багы;
- Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилиши (мурдагы Островский көчөсү, 141);
- Анкара жана Виноградная көчөлөрүнүн кесилиши (этносквер);
- "Кыргызстандын 40 жылдыгы" атындагы парктын аймагы (Фере жана Дзержинский көчөлөрүнүн кесилиши);
- Теризавод районундагы парктын аймагы;
- Профсоюз жана П. Лумумба көчөлөрүнүн кесилиши;
- Турусбеков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
- "Эмгек Даңкы" паркы (Раззаков көчөсү);
- Абдрахманов жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилиши;
- Раззаков жана Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилиши.
Бишкек шаарынын мэриясы бардык кызыкдар ишкерлерди ачык аукционго катышууга чакырат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу