Жеңишбек Асылбек Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды
Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын мэри болуп Жеңишбек Асылбек дайындалды. Бул тууралуу 6-ноябрда президенттин администрациясынан билдирди.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон.
Жарлыкка ылайык, ал мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды.
Буга чейин аталган кызматты Алмазбек Исаков аркалап келген. Ал 2026-жылдын сентябрь айында жумуштан кеткен.
Жеңишбек Асылбек буга чейин Баткен облусунун Лейлек районунун акими кызматын аркалаган.
Жеңишбек Асылбек 1988-жылы төрөлгөн.
Иш тажрыйбасы:
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде;
- Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинде;
- Энергетика жана өнөр жай министрлигинде;Энергетика министрлигинде;
- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде;Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Кыргыз геологиялык кызматында;
- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин алдындагы Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинде эмгектенген.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу