Ак-Тилек конушунда 80 орундуу жаңы бала бакча ачылды
Бишкек шаарынын Ак-Тилек конушундагы № 80 "Баластан" бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалым болгондой, бала бакча жайгашкан жер тилкесинин аянты 0,2179 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 1 041 чарчы метрди түзөт. Мекеме 80 балага ылайыкталган.
5-ноябрда өткөн ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев катышты.
Курулуш иштерин "ПСО Адис Строй" жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзгөн. Курулуштун алкагында жаңы имарат тургузулуп, суу түтүктөрү тартылып, канализация системасы орнотулган.
Бала бакчада балдардын ойноосу, тарбияланышы жана билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган.

Мындан тышкары, шаар башчысы Свердлов районунун акимине бала бакчанын жанында унаа токтотуучу жай уюштуруу маселесин иштеп чыгып, тиешелүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу