Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди
10-ноябрда өлкө башчысы Садыр Жапаров президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылды.
Садыр Жапаров президенттик кызматка 2021-жылдын 28-январында киришкен. Ал 2021-жылдын январь айындагы президенттик шайлоодо добуштардын 79,2%ын алган.
БШКнын маалыматына ылайык, бүгүнкүгө карата президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү боюнча жалпы 6 жарандан арыз келип түштү.
Алар: Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Сыймык Жапыкеев жана Акай Кадыров, Исхак Масалиев жана Садыр Жапаров.
Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Ушул жылдын 24-сентябрында Жогорку Кеңеш президентик шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтом долбоорун кабыл алган. Ага ылайык, шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу