Кыргызстан - Словения кызматташтыгы талкууланды
9-ноябрда тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Словениянын Кыргызстандагы элчиси Аленка Сухадолник менен жолугушуу өткөрдү.
ТИМден билдиргендей, тараптар саясий диалогду активдештирүү, парламенттер аралык жана гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Анда соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү келечегине өзгөчө көңүл бурулду.
Ушуга байланыштуу тараптар алдын ала саясий консультацияларды өткөрүүнүн жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форум уюштуруунун максатка ылайыктуулугун белгилешти.
Кызматташтыктын келечектүү багыттары катары энергетика, гидроэнергетика жана туризм тармактары, анын ичинде тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга словениялык инвестицияларды тартуу маселелери белгиленди.
Ошондой эле тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар достук мамилелерди мындан ары чыңдоого жана Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу