МинКаб башчысы Касымалиев иш сапары менен Түркияга барды

МинКаб башчысы Касымалиев иш сапары менен Түркияга барды

10-ноябрда КРнын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Түркияга барды.

МинКабдын маалыматына ылайык, өкмөт башчысы Анталья шаарында өтүүчү БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясына (COP31) катышат.
Адылбек Касымалиев Лидерлер саммитинин сессиясынын ачылыш аземине, ошондой эле "Тоо күн тартибин илгерилетүү: мөңгүлөр жана криосфера, температуралык чектен ашуу шартында туруктуулукту чыңдоо, жалпы жоопкерчилик жана туруктуу каржылоо" аттуу жогорку деңгээлдеги иш-чарага катышат.

Саммит Түркиянын Анталья шаарындагы "Antalya Expo Center" борборунда 9-ноябрдан 20-ноябрга чейин өтөт. Ага 190дон ашык өлкөнүн делегациялары, 102 мамлекеттин лидерлери, 300дөн ашык министрлер, ошондой эле эл аралык уюмдардын, бизнес секторунун жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

COP31де Париж келишимин ишке ашыруу, парник газдарынын бөлүнүп чыгышын кыскартуу, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, климаттык каржылоону тартуу жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү маселелери талкууланууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

4 жылда Кыргызстан менен Беларусиянын өз ара сооданын көлөмү дээрлик 4 эсеге өскөн

Мамлекеттик сатып алуулар жана билим берүү жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизилди

Президент ЖККУ жыйынына катышуу үчүн Москвага барды

Нарын шаары менен Могилев шаары кызматташат

Бактыбек Калмаматов Президенттикке талапкерлигин көрсөттү