Сузактагы кыш завод абаны булгаганы үчүн айыпка жыгылды
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сасык-Булак айылындагы кыш чыгаруучу чакан ишканада экологиялык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүдө заводдун мештеринин морлоруна зыяндуу заттарды тазалоочу жабдуулар орнотулбаганы аныкталган.
Натыйжада ишканага 28 миң сом айып салынып, мыйзам бузууларды жоюу үчүн бир айлык мөөнөт берилди. Ошондой эле төрт пункттан турган эскертме тапшырылды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу