ТИМ башчысынын орун басары Абакиров Европа Биримдиги менен Экинчи министрлер жолугушуусуна катышты
Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа Биримдиги менен өз ара байланыштуулук жана коопсуздук маселелерине арналган Экинчи жогорку деңгээлдеги министрлер жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу бүгүн министрликтен билдирди.
Жолугушууга Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү, Европа Комиссиясынын вице-президенти Кая Каллас, Еврокомиссарлар Йозеф Сикела жана Марта Кос, Европа Биримдигине мүчө 27 мамлекеттин, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, Азербайжандын, Армениянын, Түркиянын, Молдованын жана Украинанын тышкы иштер министрлери жана өкүлдөрү катышты.
Өз сөзүндө Медер Абакиров транспорт, санариптештирүү, энергетика, ошондой эле финансылык-экономикалык өз ара аракеттенүү чөйрөлөрүндөгү кызматташуунун негизги багыттарын белгиледи.

Анда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулуш долбоорун ишке ашырууга, логистикалык инфраструктураны модернизациялоого, ошондой эле европалык инвестицияларды, жеңилдетилген каржылоону жана техникалык көмөктү тартууга өзгөчө көңүл бурулду.
Өзүнчө артыкчылыктуу багыт катары санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, алыскы аймактарда интернетке жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, заманбап технологияларды киргизүү жана жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо белгиленди.
Маалым болгондой, энергетика тармагында энергетикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, инфраструктураны модернизациялоого, электр тармактарын жаңылоого жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө багытталган каржылык долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдарлык билдирилди.
Сөзүнүн соңунда министрдин орун басары Абакиров Европа Биримдигинин санкциялык саясатына токтолуп, Кыргызстандын европалык өнөктөштөр менен тыгыз диалогду улантууга ачыктыгын жана кызыкдарлыгын тастыктады.